Ысык-Көл облусунда 110 тургунга акысыз юридикалык консультация берилди. Көчмө кабылдамалар президент Садыр Жапаровдун жергиликтүү калк менен жолугушууларынын алкагында уюштурулду.
Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, адистер Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу, Тоң жана Ысык-Көл райондорунда жарандарды кабыл алышты.
Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү жер талаштарына, мурасты тариздөөгө, алимент өндүрүүгө, адвокаттык жана соттук-эксперттик кызматтарга байланыштуу болгон.
Мындан тышкары, тургундардын жазуу жүзүндөгү арыздары да кабыл алынып, кароо жана мыйзам чегинде чечүү үчүн тиешелүү бөлүмдөргө жөнөтүлдү.

