Башкы беткеМинистрлер кабинетиАлай районунун Гүлчө шаарында 120 орундуу бала бакча курулууда

Алай районунун Гүлчө шаарында 120 орундуу бала бакча курулууда

Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө шаарында 120 балага ылайыкталган бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Долбоор Турукташтыруу фондунан каржыланып, анын жалпы наркы 97 миллион сомду түзөт.

Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган. Учурда эки кабаттуу имараттын негизги бөлүгү тургузулуп, жумуштардын 85 пайызы аткарылды.

Долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 1 миң 321 чарчы метрди түзөт. Анда балдардын уктоочу, оюн жана сабак өтүүчү бөлмөлөрү, ашкана жана дарыгердин кабинети жайгашат. Ошондой эле балдар үчүн оюн аянтчасы курулууда.

Курулуш-монтаждоо иштерин «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар