Башкы беткеКоомКыргызстанда макулатураны экспорттоого тыюу салуу узартылышы мүмкүн

Кыргызстанда макулатураны экспорттоого тыюу салуу узартылышы мүмкүн

Кыргызстанда макулатураны жана картон калдыктарын Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары чыгарууга коюлган чектөөнү дагы алты айга узартуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документти Экономика жана коммерция министрлиги иштеп чыккан. Ведомствонун маалыматына ылайык, мындай чара ички рынокто чийки заттын тартыштыгын алдын алуу жана кагаз буюмдарын чыгарган ата мекендик ишканаларды колдоо максатын көздөйт.

Министрлик макулатураны экспорттоого чектөө 2021-жылдан бери киргизилип келе жатканын белгилейт. Бирок ага карабастан, кайра иштетүүчү жергиликтүү ишканалар чийки заттын жетишсиздигине туш болуп, өндүрүштүк кубаттуулуктарын толук пайдалана албай жатышат.

Атап айтканда, «Алтын-Ажыдаар» жана «Кош Тамчы» ишканалары макулатура жетишпей жатканын билдиришкен. Министрликтин баамында, экинчи чийки заттын тартыштыгы өндүрүштүн кыскарышына, жумуш орундарынын азайышына жана бюджетке түшүүчү салыктардын төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.

Ошол эле учурда Кыргызстанда кагаз буюмдарын өндүрүү көлөмү өсүүдө. 2026-жылдын тогуз айында өлкөдө 3 миң 757,3 тонна даарат кагазы чыгарылган. Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылы жыл бою 3 миң 101,5 тонна, ал эми 2020-жылы 1 миң 665,1 тонна өндүрүлгөн.

Мындан тышкары, 2026-жылдын тогуз айында кагаздан жасалган куту, ящик жана баштыктардын өндүрүшү 19 миң 897,6 миң чарчы метрди түзгөн.

Ал эми ушул жылдын сегиз айында Кыргызстан 5 миң 184,8 тонна макулатураны импорттогон. Анын жалпы наркы 1,1 миллион долларга жакын. Негизги жеткирүүчүлөр — Россия, Казакстан жана Кытай.

Ошол эле мезгилде өлкөдөн 900,5 тонна макулатура 135,9 миң долларга экспорттолгон. Министрлик бул көлөм мурдагы тыюунун мөөнөтү аяктап, жаңы чектөө киргизилгенге чейинки аралыкта сыртка чыгарылганын түшүндүргөн.

Сунушталып жаткан чектөө транзиттик ташууларга жана Министрлер кабинети көрсөткөн гуманитардык жардамга жайылтылбайт.

Токтом кабыл алынса, расмий жарыялангандан жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ал эми макулатураны экспорттоого тыюу дагы үч күндөн соң колдонула баштайт.

Экономика жана коммерция министрлиги жаңы чектөө тууралуу Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлайт. Бажы жана чек ара кызматтары анын аткарылышын көзөмөлдөйт.

Ведомствонун маалыматына караганда, токтомду кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылбайт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар