Башкы беткеДүйнөПрагада коомдук маалымат каражаттарын каржылоо реформасына каршы ири нааразылык акциясы өттү

Прагада коомдук маалымат каражаттарын каржылоо реформасына каршы ири нааразылык акциясы өттү

15-ноябрда Прагада Чехиянын өкмөтүнүн коомдук телерадио компанияларын каржылоо системасын өзгөртүү планына каршы массалык демонстрация өттү. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, акцияга 350 миңден 450 миңге чейин адам катышкан.

Прага полициясы демонстрация 1993-жылы Чехия Республикасы түзүлгөндөн берки эң ири нааразылык акциясы болгонун белгиледи. Бирок катышуучулардын так саны расмий жарыяланган жок.

Нааразылыкка премьер-министр Андрей Бабиш башында турган өкмөт сунуштаган мыйзам долбоору себеп болду. Ага ылайык, калктан Чехиянын коомдук телекөрсөтүүсү менен радиосун каржылоо үчүн милдеттүү түрдө алынуучу ай сайынкы төлөмдөрдү жоюп, аларды мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылоо сунушталууда.

Учурда Чехиянын үй-бүлөлөрү коомдук телерадиоберүү кызматтарын каржылоо үчүн ай сайын 205 чех кронун (болжол менен 9,5 доллар) төлөшөт. Жаңы реформа коомдук маалымат каражаттарынын каржылоосун болжол менен 15 пайызга кыскартууну да карайт.

Мыйзам долбооруна каршы чыккандар мамлекеттик бюджеттен каржылоого өтүү бийликтин редакциялардын ишине саясий басым көрсөтүүсүнө шарт түзүп, маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгына коркунуч жаратышы мүмкүн деп эсептешет.

Ал эми өкмөт бул айыптоолорду четке кагып, реформанын максаты калктын каржылык жүгүн азайтуу экенин билдирүүдө.

Мыйзам долбоору 24-октябрда парламентте биринчи окуудан өткөн. Буга чейин, 3-ноябрда Чехиянын коомдук телекөрсөтүүсү менен радиосунун кызматкерлери нааразылык иретинде иш ташташкан.

Полициянын маалыматына ылайык, 15-ноябрдагы демонстрация тынч өтүп, тартип бузуулар катталган эмес.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар