Ысык-Көл облусундагы Боз-Учук — Шахта — Жыргалан унаа жолунун 14,5 чакырымдык бөлүгүн оңдоо жана куруу иштери уланууда.
«Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, учурда жер жумуштарынын 62 пайызы аткарылды. Жолдун негизги бөлүгүнө суу өткөрүүчү түтүктөр жана тирөөч дубалдар орнотулду. Ошондой эле 700 метрге биринчи катмардагы асфальт төшөлдү.
Курулуш иштерине 100дөн ашык атайын техника жана 130 жумушчу тартылган.
Белгилей кетсек, бул жол Жыргалан өрөөнүнө жана «Ала-Тоо Резорт» тоо лыжа курортуна баруучу негизги каттамдардын бири. Долбоор аяктагандан кийин туристтик аймактарга жетүү жеңилдеп, жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорттук шарттар жакшырат.

