“Кыргыз Туусу” (“Эркин Тоо”) гезити кылым оодарган тарыхында кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө тоодой салым кошту. Эл чыгармачылыгынан – көркөм искусствого (музыка, театр, опера-балет, кино, сүрөт искусствосу, архитектура ж.б.) чейинки маданиятыбыздын ар бир тармагынын жаралыш күнү, өсүп–өнүгүшү тууралуу маалыматтарды өзүнүн саргайган барактарында келет. Бул маалыматтар маданиятыбыздын кайсы тармагы болбосун изилдөөчүлөр, керектүү маалымат издегендер үчүн түгөнгүс казына.
“Кыргыз Туусунун” мамлекетибиздин тарыхындагы ордунун мааниси ушунда, же болбосо элибиздин энциклопедиясы ушул биздин гезит.
Буга мисал келтирсем, учурда улуу комузчу Ниязалы Борош уулунун 170 жылдыгы белгиленүүдө. Мааракенин уюштуруучулардын башында турган эл депутаты Гүлшаркан Култаева редакциябызга “Эл чыгармачылыгынын Биринчи олимпиадасынын катышуучусу Ниязалы Борош уулу тууралуу маалыматтар барбы?” деген расмий катын жөнөтүптүр. Окурмандардын кимиси болбосун кайрылбасын такталган маалыматтарды алып берүү, керек десе жарыялоо гезитибиздин кылымдан бери келе жаткан салты болгондуктан – Ниязалы Борошов тууралуу “Кыргыз Туусунун” – “Кызыл Кыргызстан” аталышында чыккан (1927-1959), бүгүнкү күндө мамлекеттик архивдерде сары майдай сакталып турган сандарын карап чыктык. Ал катышкан Эл чыгармачылыгынын Биринчи олимпиадасы тууралуу маалыматтарды да таптык. Анда эмесе сөз кезеги менен болсун.
Кыргыз мамлекети жаңы тарыхын ачкан (14-октябрь 1924-жылы РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн) күндөн туңгуч кыргыз интеллигенциясы эл чыгармачылыгына чоң көңүл бура баштаган. Мамлекетти мамлекет кыла турган маданият, анын ичинде элдик таланттардын чыгармачылыгы боло турганын мамлекетибизди түптөгөн кайран залкарлар жакшы түшүнгөн.
Айталы, мамлекеттик ишмер, “Эркин Тоо” гезитинин негиздөөчүлөрүнүн бири Эшеналы Арабаевдин демилгеси менен Сагынбай Орозбаковдун варианты жазыла баштаган. Ошол мезгилде Токтогул баш болгон, легендарлуу комузчу Кудайберген төш болгон алптардын көзү тирүү эле. Аларды баш коштуруп, чыгармаларын, ыр күүлөрүн жаздырып калуу, нотага түшүрүү демилгесин, дал ушул “Кыргыз Туусу” (Эркин Тоо”) гезити көтөрүп чыккан. Анда эмесе, Кыргыз АССРинин Маданият, билим комиссиясынын “Эркин Тоо” гезитинин №120-санына (31-октябрь 1926-жыл) “Комузчу, кыякчыларга” деген билдирүүсүн карап көрөлү. (Билдирүү ошол калыбында берилди).
Комузчу, кыякчыларга
“Кыргыздын улут күүлөрүн сактаб калуу нийети менен облустук билим кемесийеси ушу жылдын ичинде комузчу, кыйакчы, сурнайчы, чоорчу адамдарды жыйнаб, күүлөрүн мүзүкө күүсүнө жаздырууга токтом кылды.
Эл арасында атагы чык(к)ан кыйын өнөрчүлөр жакын арада өздөрүнүн канча күү биле тургандыгын, күүлөрүнүн толук атын, эминеге ойноого маштыгынын (комузгабы, кыйаккабы), өзүнүн, атасынын атын, турган жерин толук жазыб, обулустук билим кемесийесине жиберүүнү өтүнөбүз.
ªнөрчүлөрдүн толук маалуматы келгенден кийин билим кемесийеси аларды толук текшериб, жарамдууларын Пишпек (Прунза) калаасына чакырмакчы. Чакырылган кишилерге жол каражат, мында келгенде кызматтарына жакшылаб жалуун берилмекчи.
Обулустук билим кемесийеси өз тарабынан төмөндөгү аттары жазылган атактуу өнөрпоздорго назар салыб, ошолордун тез арада толук маалуматтарын жиберүүлөрүн өтүнөт:
- Каракол өкүрүгү күнгөй Аксуу болушунан – Карамолдо;
- Пишпек өкүрүгү Атаке, Сарбагыш элинен Мураталы;
- Нарын району Кочкор болушунан – Кудайберген;
- Жалал Абат өкүрүгү, Тогуз Торо элинен Токтогул.
Элдин айтышына караганда Таласта кыргыздын анык эски күүлөрү сакталыб калгандай түрү бар. Ошондуктан Таластын комузчу, кыйакчылары туурасында билим кемесийеси малуматка өтө зарыл”.
Эми демилгенин жыйынтыгы эмне болду? Гезит жарыялаган чакырыкта аттары аталган Мураталы, Карамолдо келип, музыкалык драма студиясында иштеп калышкан. Ал эми Кочкорлук чоң комузчу Кудайберген келбесе керек. (Мураталы алдынан өтпөгөн, Карамолдо атайы барып батасын алган Кудайберген комузчунун көпчүлүк күүлөрү башы менен кеткени өкүнүчтүү). Улуу Токтогулдун ат арытып алыскы Кетмен-Төбөдөн Жолой кыякчыны ээрчитип 1928-жылы Пишпекке келгени, бир топ күүлөрүн Затаевич нотага түшүрүп калганы башка булактардан жакшы билебиз. Азыркы биз көрүп жүргөн сүрөтүн Током ошол келишинде түшкөн. Эгер “Кыргыз Туусу” (“Эркин Тоо”) ошондо жар салып чакырбаганда Токтогулдун сүрөтүн көрбөй деле калышыбыз мүмкүн эле.
Элдик таланттардын бешиги болгон театр
1926-жылы музыкалуу-драмалык студиясы уюштурулат. Кийин 1930-жылы Кыргыз мамлекеттик театры, 1935-жылы Кыргыз мамлекеттик музыкалык театры болуп турган. Калык, Осмонкул, Мураталы, Карамолдо, Шаршен ж.б. алп таланттар ушул театрдын көркү болгон. Айрымдары, кайсы бир ролдорду (айрыкча Осмонкул) аткарып чыгышканы да айтылып жүрөт. Ал эми кайталангыс Шаршен кайгылуу эпиозоддорду күлкүгө айлантып жибергендиктен, аны спектаклдерде роль ойноодон четтетип коюшкан.
Быйыл 100 жылдыгын белгилеп жаткан Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драм театрынын тарыхында 1936-жыл чоң бурулуш болот. Тактап айтканда, 1936-жылдын 7-октябрында “Кыргыз театрын мындан ары өнүктүрүүнүн жолдору тууралуу” ВКПнын (Бүткүл союздук Коммунисттер партиясы) Кыргызобкомунун токтому чыгат. Анда кыргыз драм театрында “Ажал ордуна”, “Карачач” спектаклдери коюлгандыгы, А.Куттубаев, А.Боталиев баштаган кесипкөй артисттердин өсүп чыкканы, элдик таланттар М.Мусулманкулов, А.Огонбаев, Муса Баетов, М.Күрөнкеев, К.Орозов, композитор А,Малдыбаев театрдын өнүгүшүнө чоң салым кошкону, театрдын алдында кыргыз тарыхында биринчи жолу эл аспаптар оркестри, хор уюштурулганы айтылып, эми белгилүү бир багыттарда театрды мындан ары өнүктүрүү, өз алдынча филармония түзүү тууралуу сөз болот. Туңгуч филармонияны түзүү композитор Фереге тапшырылат.
ВКП Кыргызобкомунун бюросунун аталган токтомунун №229 протоколунда Эл чыгармачылыгынын Биринчи олимпиадасын өткөрүү комиссиясынын жюри мүчөлөрү бекитилип, ага …Белоцский (ардактуу төрага), Исакеев, Айилчинов (төрага), биз билгендерден: А.Токомбаев, Ж.Турусбеков, Ж.Бөкөнбаев, Затаевич, Фере, Власов, Карамолдо, Мураталы, Молдобасан ж.б. баш аягы 22 киши кирет.
“Кыргыз Туусу” (Кызыл Кыргызстан”) гезитинин 1936-жылдын14-октябрындагы “Эл чыгармачылыгын биринчи олимпиадасы” аталган макалада бул олимпиадага ошол жылдын жай айларынан эле даярдык көрүлө баштаганы, 20 райондон 1500дөн ашык катышуучу келери, 6 райондук, колхоз-совхоздук театрлар, онго жакын улуттун өнөрпоздору катыша тургандыгы айтылат. Ушул эле макалада айрым жерлерде элдик таланттарды олимпиадага катыштырууга жеткиликтүү маани бербегендиги сынга алынат. “Райондордон комузчу, ырчы, бийчи, куудул, жомокчу, драма, хор жана музыкалык ийримдер келип катышат. Бирок, айрым райондук уюмдар муну толук колго алган жери жок…Көп райондордо райондук олимпиадалар ушул убакка чейин өткөрүлбөй өз өкүлдөрүн республикалык олимпиадага жибере албай калып отурат» деп айтылып, Ысык-Көл, ªзгөн жана башка айрым райондордун жетекчилери сынга алынат. «Алар райондук олимпиаданы уюштуруунун ордуна, кол тийбейт, айыл чарба ишинен кол бошобойт деп шылтоо кылып отурушат» деп айтылат макалада.
Көрүнүп тургандай Эл чыгармачылыгын Биринчи олимпиадасына карата өлкө боюнча чоң даярдык көрүлгөнү, алгач райондук олимпиадалар уюштурулуп, андан өткөндөрү республикалык олимпиадага катышканы байкалып турат. Бүгүнкү күндө дагы мындай масштабдуу маданий иш-чараны өткөрүү оңойго турбасын эске алсак, Биринчи олимпиаданын мааниси ого бетер арта түшөт.
“Эми эл чыгармачылыгы эч качан өчпөйт”
“Кыргыз Туусу” (Кызыл Кыргызстан”) гезити Биринчи олимпиаданын жүрүшүн ар бир санында чагылдырып турган. “Кызыл Кыргызстан” гезитинин 20-октябрдагы санындагы “Биринчи олимпиаданын ачылышы” аталган макаладан кандай жазылса, ошондой берели: «18-октябрда саат 7ге кирип келгенде, шаарда толгон эл, илинген ураан, кызыл туулар менен элдик өнөрдүн үлгүсү көрүнүп турду. Биринчи республикалык олимпиадага келген элдерди куттуктап, сахнага чыга салып айтылган сөздөн ичке толкундап турган элдин ичинен «Ура!» деген үн чыкты. Кыргызстан өкмөтүнүн төрагасы, ВКП(б) Кыргыз Обкомунун катчысы, Совнаркомдун алдындагы Искусство иштеринин башкармасынын начальниги, Союздук Совнаркомдун алдындагы Искусство комитетинин өкүлү жана башкалар сүйлөп Олимпиаданын маанисин түшүндүрүштү. Олимпиадага катышкандарга Кыргызстан Совнаркомунун атынан Белоцкий, Башкеев, Орозбеков, ВКП(б) Обкомунун атынан Айтматов жолдоштор куттуктоо жиберишти. Бул Олимпиада – Кыргыз элиндеги таланттарды таап, өстүрүү үчүн тарыхый окуя. Эми эл чыгармачылыгы эч качан өчпөйт»
Олимпиаданын экинчи күнү (19-октябрь) тууралуу жазылган “Таластан келгендер” аталган макалада Шекербек Шеркулов – «Камбаркан», «Кеңештин кер толгоо», «Жаңы турмуш», Эркесары Бекбасаров «Керме», «Сарыарка», «Көйрөңкүү» деген күүлөрдү ойноду. Нарын районунан Сагындык Норсеков – «Насикат», «Шыңгырама» деген күүлөрдү чертти. Мунун четишинде эч кандай өзгөчөлүк жок, көп комузчуну бири деп айтылат. Ошондой эле Олжобаева Алима – темир комуз менен «Ак Сыйнат», «Кайгылуу Какей» деген күүлөрдү ойноду. Алима күүлөрдү так келтирет, обондун шартын бузбай чыгарат деп жазылат…Олимпиаданын экинчи күнүндө катышкандардын арасында эң кичүү катышуучу – 12 жаштагы бала болду. Ал комуз чертип, элди таң калтырды» деп айтылат ушул маалыматта. Тилекке каршы аты-жөнү жазылган эмес.
Ниязалы…Барпы
Негизи Эл чыгармачылыгынын Биринчи олимпиадасы тууралуу “Кыргыз Туусу (“Кызыл Кыргызстан”) гезитинин 1936-жылдын 18-октябрдан 1-ноябрдагы сандарындагы макалалар боюнча бери болгондо көлөмдүү илимий эмгек жазса болор эле. Бул чакан макалабызга баарын батырыш кыйын. Ошондой болсо бүгүнкү күндө чоң кызыгууну туудурган улуу таланттар Барпы Алыкулов, Ниязалы Борошов тууралуу кызыктуу фактылардан кыйгап өтүү кыйын.
“Кыргыз Туусу” (Кызыл Кыргызстан”) гезитинин 1936-жыл 23-октябрындагы (№245) санындагы “Эл ырчылары” деген макала улуу Барпы Алыкулов тууралуу сөз болуп, анын сүрөтү менен коштолуп чыгарылган. Анда “ Жалал-Абад районунан келген Барпы Алыкулов “Эски заман жана жаңы заман” жана “ªз арманым” деген ырларды ырдап берди. Мунун ырында обондон эч нерсе жок. Бирок да анын айткан сөздөрү мазмундуу. Барпы 52 жашта. Анын көзү такыр көрбөйт. Ал ошенткен менен эл чыгармачылыгына өтө кызыгат. Жана муну үчүн тырышып иштейт” деп жазылат.
“Кызыл Кыргызстан” гезитинин 1936-жылдын 27-октябрындагы (№248) санындагы “Улуу талап, улуу кубаныч” аталган макалада комуз жана комузчулар тууралуу сөз болуп «Комуз – кыргыз элинин эң сүйүктүү аспабы. Аны эл жакшы көрө тургандыгы” баяндалып,
жети күнгө созулган Биринчи олимпиаданын жыйынтыгы тууралуу маалымат берилет. Андай айтылгандай олимпиаданын жеңүүчүлөрүнөн болгон эң мыктыларынан 20-25 кишини театр окуусуна кабыл алынат.
“Олимпиаданын жюриси жана Искусство Башкармасынын токтому токтому боюнча эл чыгармачыларынан 60 киши 20 миң сомго сыйланды. Булардын ичинде Ниязалы карыя, Оразакун, Талипжан, Кулмамат, Русалат, Юрченко, Мусага окшогон мыктынын мыктыларына 400-500 сомдон берилди (түп нускасында бердик)” деп айтылат макалада.
Ошону менен Ниязалы Борош уулунун Олимпиадага катышып, алдыңкы орунду алып, 20 миң сом менен сыйланганы (ал кезде чоң акча) белгилүү болду. Кошумчалай кетсек, 1936-жылдагы Биринчи олимпиада тууралуу анын күбөсү болгондордун көптөгөн маалыматтары айтылып да, жазылып да жүрөт. Ал маалыматтарга таянсак, Ниязалы ошол кезде 80 жашта болгону, комузду ийнине салып алып суу көтөрүп бараткан келиндерди туурап, сахнада басып жүрүп черткени, комуз боюнча баш байгени алганы тууралуу далилдүү сөз болуп жүрөт жана айныксыз чындык экени ырас.
Залкар комузчу, комузда кол ойнотуп чертүүнүн мектебин негиздеген Ниязалы Борошов Токтогул, Жеңижок, Коргоол ж.б. көптөгөн таланттарга күү үйрөткөн устаты болгон. Шакирти Жеңижоктун Корголго айткан насаатында “Ниязалы абаңдын…Миңден ашык күүсү бар” деген саптары бар. Ушул сөздөн эле 170 жылдык мааракеси кеңири белгиленип жаткан Ниязалы Борош уулунун бийиктигин туя алабыз.
Ал эми Биринчи олимпиада 1936-жылы 29-октябрда, Кыргыз драма театрында иштеген (Калык, Осмонкул, Шаршен, Карамолдо, Молдобасан ж.б.) элдик таланттарды бөлүп, Биринчи олимпиаданын жеңүүчүлөрүн кошуп – кыргыз филармониясын түзүүгө өбөлгө болгон.
Редакциядан: Макаланы даярдоого көмөктөшкөнү үчүн Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архивинин бөлүм башчысы Бакыт Жолдошбековага, Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивинин бөлүм башчысы Нургул Байсаловага ыраазчылык билдиребиз.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”.

