17-ноябрда журналисттер жана блогерлер үчүн социалдык маанидеги темаларды жоопкерчиликтүү чагылдырууга арналган тренинг өттү.
Иш-чараны Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин Катчылыгы жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги уюштурду.
Тренингде балдардын укуктарын коргоо, гендердик теңчилик, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, инклюзия, медиасабаттуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери талкууланды.
Министрдин орун басары Салкын Сарногоева журналисттер менен блогерлер коомго так, калыс жана ишенимдүү маалымат жеткирүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Ошондой эле сөз эркиндиги менен катар маалыматтын аныктыгына, адам укуктарын жана ар-намысын урматтоого көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Иш-чарада эксперттер үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукту, балдардын, анын ичинде майыптыгы бар балдардын укуктарын чагылдыруунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат беришти. Мындан тышкары, журналисттик этика, медиация жана социалдык тармактардын коррупцияга каршы күрөштөгү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Тренингдин практикалык бөлүгүндө катышуучулар алты командага бөлүнүп, коррупцияга каршы темада лонгрид, кыска видео жана бизнес-кейс форматындагы медиаматериалдардын концепцияларын иштеп чыгышты. Долбоорлор маалыматтын ишенимдүүлүгү, түшүнүктүүлүгү, практикалык мааниси жана журналисттик этиканын сакталышы боюнча бааланды.
Жыйынтыгында Антикоррупциялык ишкердик кеңеши Башкы прокуратура менен биргеликте медиа-сыйлык уюштуруу жана журналистика чөйрөсүндө ак ниеттүүлүк принциптерин бекемдөөгө багытталган декларация кабыл алуу демилгесин сунуштады.

