Бүгүн, 18-ноябрда, Кыргызстан боюнча шайлоо инфраструктурасынын даярдыгын текшерүү максатында жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлүүдө.
Иш-чара 2027-жылдын 27-январына белгиленген президенттик шайлоого даярдыктын алкагында уюштурулуп, өлкөдөгү 2 492 шайлоо участогун камтыйт. Ошондой эле Бишкектеги «Дордой Плаза» соода борборунда жайгашкан аралыктан добуш берүү участогу да тестирлөөгө кошулган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров аталган участокко барып, аралыктан добуш берүү тартибин көрсөттү жана журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Тестирлөөнүн негизги максаты — шайлоо участкаларынын, техникалык жабдуулардын жана добуш берүү системасынын алдыдагы президенттик шайлоого даярдыгын текшерүү.

