Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2027-жылга карата бюджеттин негизги багыттарын жана жакынкы жылдарга коюлган экономикалык милдеттерди жарыялады. Бул тууралуу ал 18-ноябрда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2027-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 2 трлн 736 млрд сомдон ашары күтүлүүдө. Ал эми консолидацияланган бюджеттин жалпы көлөмү 1 трлн 53 млрд сомго жетет.
Каражаттар төмөнкү тармактарга багытталат:
– Билим берүү тармагына — 134,2 млрд сом;
– Саламаттык сактоого — 76,4 млрд сом;
– Социалдык коргоого — 47,3 млрд сом.
Ошондой эле 2027-жылдан тартып бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган көп балалуу энелерге «Бала Береке» бир жолку жөлөкпулу төлөнө баштайт. Мындан тышкары, 1-январдан тартып бир катар социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү жогорулатылат.

