Башкы беткеКоомБишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өткөрүлдү

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өткөрүлдү

Бишкекте лицензиясыз жүргүнчү ташыган такси айдоочуларын аныктоо максатында рейд жүргүзүлдү.

«Бишкек автобекет» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте 18-ноябрда Аламүдүн базарынын аймагында текшерүү өткөрүштү.

Рейд учурунда мыйзам талаптарын бузган айдоочуларга протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды.

Ошондой эле автобекеттин аймагында мыйзамсыз токтоп, жүргүнчүлөргө жана башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жараткан айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аларга «Бишкек автобекет» муниципалдык ишканасынын Чыгыш автобекетинде такси унаалары үчүн атайын токтотуучу жай бар экени эскертилди. Айдоочуларга унааларын ошол жерге токтотуп, жүргүнчүлөрдү белгиленген жайда гана салып-түшүрүү сунушталды.

Иш-чаранын максаты — автобекеттин аймагында тартипти сактоо, жол тыгындарынын алдын алуу жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар