Башкы беткеМаданиятСалкын Сарногоева "Азаттыктын" жана АКШ элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту

Салкын Сарногоева “Азаттыктын” жана АКШ элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту

Кечээ,19-ноябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева «Азаттык» медиа компаниясынын өкүлдөрү жана АКШ элчилигинин өкүлү менен жолугушту.

Жолугушууга «Азаттык» медиа компаниясынын өкүлдөрү Лиза Кертис, Толкун Умаралиев, Гүлайым Ашакеева, Бакытбек Асанов жана АКШ элчилигинин өкүлү Итан Табор катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө маалыматтык мейкиндикти өнүктүрүү, медиа коомчулук менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар медиа чөйрөдөгү заманбап тенденцияларды, журналистиканын коомдук турмуштагы ордун, маалымат менен иштөөдө кесиптик стандарттарды сактоонун маанилүүлүгүн талкуулашты.

Мындан тышкары, укуктук чөйрөдөгү өзгөрүүлөр, медианын жаңы иш шарттарына ыңгайлашуусу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, маданий жана маалыматтык контенттин көлөмүн кеңейтүү, чыгармачыл жана социалдык демилгелерди колдоо маселелери каралды.

Жолугушуунун соңунда коноктор Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин экспозициясы менен таанышып, музей тарабынан уюштурулган маданий программага катышты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар