2026-жылдын 11–13-декабрында Бишкекте эл аралык эки иш-чара — DIVA VOICE 2026 вокалдык сынагынын дүйнөлүк финалы жана DIVAin Дүйнөлүк үн ассоциациясынын “Үн тармагындагы келечектеги тренддер” аттуу 11-конференциясы өтөт.
Иш-чараларга дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн вокалисттер, музыка мугалимдери, үн изилдөөчүлөр, фониатрлар, фонопеддер жана үндү калыбына келтирүү боюнча адистер катышат.
11-декабрда “Манас” театрында DIVA VOICE 2026 дүйнөлүк вокалдык сынагынын финалы өтөт. Ал эми 12–13-декабрда «София» мейманканасынын конференц-залында үн тармагындагы келечектеги багыттар талкууланган эл аралык конференция уюштурулат.
Программада чет өлкөлүк эксперттердин баяндамалары, илимий изилдөөлөрдүн жана үн технологияларынын бет ачарлары, мастер-класстар, ошондой эле вокалдык искусство, үн илими жана аны сактоо боюнча тажрыйба алмашуу каралган.
Үч күндүк иш-чаралар үн менен иштеген адистердин эл аралык кызматташтыгын чыңдоого, илим менен искусствонун байланышын өнүктүрүүгө багытталган.

