Сокулук районунда улуттук ат-спорт комплексинин долбоорун ишке ашыруу башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, комплекс Белек айылынын жанындагы 114 гектар жерге жайгашат. Долбоордо 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган ат майдан жана көк бөрү боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн 25 миң орундуу өзүнчө арена куруу каралган.
21-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев долбоор менен таанышып, келечектеги комплекстин аймагын көрүп чыкты.

Комплекстин курамына спорттук объектилерден тышкары машыгуу аянтчалары, көрүүчүлөр үчүн трибуналар, жылкыларды багуу жана тейлөө инфраструктурасы, ветеринардык жана административдик имараттар кирет. Ошондой эле эс алуу, соода-сатык, туристтик жана унаа токтотуучу жайлар каралган.

