2026-жылдын 1-декабрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында «Ала-Тоо Резорт» тоо кластеринин биринчи этабынын салтанаттуу ачылышы өтөт.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, майрамдык программанын алкагында дүйнөлүк деңгээлдеги атайын чакырылган аткаруучу өнөр көрсөтөт. Бирок анын ысымы азырынча ачыктала элек.
Иш-чара музыка, туризм жана Кыргызстандын тоолуу аймактарын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштырган маданий программа менен коштолот. Кеченин башкы коногунун ысымы кийинчерээк жарыяланат.
Салтанаттуу ачылыш саат 13:00дө башталат. Кирүү акысыз.

