Башкы беткеДүйнөТүштүк Кореяда жети адам менен дайынсыз болгон кеме деңиз түбүнөн табылды

Түштүк Кореяда жети адам менен дайынсыз болгон кеме деңиз түбүнөн табылды

Түштүк Кореянын жээк күзөт кызматы өлкөнүн батыш жээгинде дайынсыз жоголгон, бортунда жети адам болгон балык уулоочу кемени деңиз түбүнөн тапты. Бул тууралуу Yonhap агенттигине шилтеме берүү менен Kazinform билдирди.

Маалыматка ылайык, салмагы 7,93 тоннаны түзгөн Haegwangho кемеси 16-ноябрда Тхэан округундагы порттон чыккан. Эки күндөн кийин анын дайынсыз жоголгону тууралуу кабар түшкөн.

Кеменин бортунда Түштүк Кореянын үч жана Индонезиянын төрт жараны болгон.

Издөө иштеринин жүрүшүндө куткаруучулар деңиз түбүнөн чөгүп кеткен кемеге окшош объектти табышкан. Текшерүүдөн кийин анын дайынсыз жоголгон Haegwangho кемеси экени аныкталган.

Кеме табылган учурда издөө-куткаруу иштери бешинчи күн катары менен уланып жаткан. Окуянын себептери жана жагдайлары такталууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар