Башкы беткеКоомБишкекте эттин баасын көтөргөн сатуучуларга 56 миң сом айып салынды

Бишкекте эттин баасын көтөргөн сатуучуларга 56 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында эт жана социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баасына көзөмөл жүргүзүү уланууда. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө белгиленген баадан кымбат саткан сатуучуларга алты административдик протокол түзүлүп, жалпы 56 миң сом айып салынган.

Мэриянын маалыматына ылайык, Октябрь районунда 2025-жылдын август айынан бери 598 рейд өткөрүлгөн. Ал эми Свердлов районунда ушул мезгил аралыгында 250 текшерүү жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, «Ош базары», «Орто-Сай», «Алтын Така эт базары», «Сары-Өзөн» жана «Азиз» базарларында сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Өткөн аптада райондук администрациялар Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте уй жана кой этин сатуу боюнча 106 кызматташуу келишимин түзүшкөн.

Рейддердин негизги максаты — эт жана башка азык-түлүктөрдүн баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоо.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар