Бишкек шаарындагы А. Бакаев жана Б. Миңжылкыев көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми айдоочулар аталган кесилиш аркылуу тоскоолдуксуз өтө алышат. Бул жол кыймылын жеңилдетип, айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзөт.
Мэрия айдоочуларды жол белгилеринин талаптарын сактап, жолдо этият болууга чакырды.

