Кыргызстан менен Армения маданият, искусство жана жаштар саясаты багыттарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Армениянын Кыргызстандагы элчиси Армен Гевондян менен жолугушту.
Жолугушууда 2027–2029-жылдарга карата эки тараптуу кызматташуу боюнча Жол картасында каралган маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери каралды.
Тараптар маданий алмашууларды кеңейтүү, музейлердин жана маданият мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына жана Арам Хачатуряндын 125 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү, эки өлкөнүн Маданият күндөрүн уюштуруу маселелери көтөрүлдү.
Жолугушуунун соңунда тараптар маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

