Башкы беткеМинистрлер кабинетиАмангелдиев менен Новак кыргыз-орус кызматташтыгын талкуулашты

Амангелдиев менен Новак кыргыз-орус кызматташтыгын талкуулашты

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Александр Новак менен жолукту.

Жолугушуу 24-ноябрда Данияр Амангелдиевдин Россияга болгон жумуш сапарынын алкагында Москва шаарында өттү.

Тараптар кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде энергетика жана санариптештирүү тармактарындагы байланыштарды кеңейтүүнү талкуулашты.

Данияр Амангелдиев эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кыргыз тарап даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Александр Новак бул демилгелерди илгерилетүүгө колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган маселелер боюнча эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун ишин жандандырууга макулдашты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар