Башкы беткеДүйнөГутерриш жасалма интеллекттин коопсуздугу боюнча глобалдык система түзүүгө чакырды

Гутерриш жасалма интеллекттин коопсуздугу боюнча глобалдык система түзүүгө чакырды

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш мамлекеттерди бир жыл ичинде жасалма интеллекттин (ЖИ) тобокелдиктерин көзөмөлдөө боюнча эл аралык механизм иштеп чыгууга чакырды.

Ал мындай билдирүүнү Барбадостун борбору Бриджтаунда өткөн жасалма интеллекттин коопсуздугу боюнча саммитте жасаган.

Гутерриштин айтымында, ЖИнин өнүгүшүн көзөмөлдөө, коопсуздук стандарттарын киргизүү жана көз карандысыз эл аралык көзөмөлдү камсыз кылуу зарыл. Бул адамзаттын технологияга болгон көзөмөлүн сактап калууга жардам берет.

Ошондой эле ал азыркы глобалдык башкаруу институттарын заманбап шарттарга ылайык реформалоо керектигин белгилеген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар