Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 23–26-ноябрь күндөрү Түркиянын Анталья шаарында өтүп жаткан эл аралык шайлоо форумуна катышууда.
Форумдун алкагында 20дан ашык өлкөнүн шайлоо органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү шайлоону уюштуруу, өткөрүү жана шайлоо тармагындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашууда.
Иш-чарада Тынчтык Шайназаров «Кыргыз Республикасындагы заманбап шайлоо технологиялары: жеткиликтүүлүк, ачыктык жана ишеним» деген темада баяндама жасайт.
Ал Кыргызстанда шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатууга, жарандардын шайлоого болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган технологияларды киргизүү боюнча тажрыйба менен бөлүшөт.

