Башкы беткеСаясатГезиттердин таасири күчөйт, баркы жогорулайт, мааниси артат

Гезиттердин таасири күчөйт, баркы жогорулайт, мааниси артат

Коош, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жаңы дайындалган президенти Лиза Кёртис Бишкекке келип, мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин кабыл алуусунда болду, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчилиги, Жогорку Кеңештин депутаттары, кыргыз медиасынын өкүлдөрү менен жолукту.

 

Лиза Кёртис белгилүү аналитик, айрым Азия өлкөлөрү боюнча ири адис, тажрыйбалуу дипломат. Ал узак убакыт бою АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинде, Мамлекеттик департаментинде, элчиликтерде жана борбордук чалгын кызматында, Heritage (Мурас) илимий фондунда иштеген. Кёртис “Азаттыктын” жетекчилигине шайланганга чейин Жаңы Америкалык коопсуздук уюмунун (CNAS) Индия-Тынч океан боюнча программасынын директору милдетин өтөп келген.

Мамлекеттик медианын өкүлү, төл башы гезиттин редактору катары мен да кезиктим, Лиза Кёртисти жогорку кызматка дайындалышы жана “Азаттык” радиосунун каржылоого байланышкан кризистен чыгышы менен куттуктап, ийгилик кааладым. “Азатттыктын” тарыхый ролу жана өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна кошкон салымы, объективдүү, сапаттуу журналистиканын, жоопкерчиликке негизделген бийик стандарттарды сактоонун маанилүүлүгү, айтор салттуу медианын актуал маселелери тууралуу пикир алыштык.

Тарыхчы катары кыргыз эли үчүн эркиндик, азаттык демократиянын шарданы менен кийин келген көрүнүш эмес, кыргыз элине мүнөздүү, ага табиятынан таандык (имманенттүү) нарк, улуттук идея, жогорку баалуулук экенин Кёртис айымга баса белгиледим. 2028-жылы белгилене турган Чынгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине чакырдым. Улуу жазуучунун “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деген акылман кебин мисал кылып, демократия да мүлдө дүйнөдө күн сайын сыналмагы анык экенин айттым. Кызыгып укту.

1995-жылы Америкага алгач барганымда “Вашингтон пост” гезитинин редакциясына баш багып, дүйнөдөгү эң абройлуу жана таасирдүү гезитке суктанган элем. Ишине кызыгып, андагы билимимдин жетишинче азыноолак жакшы үлгүлөрдү көрүп, дипломатиялык кесибиме жараша мамлекеттик департамент менен гезиттин ортосундагы кызматташтыктын айрым тажрыйбаларын өздөштүрүп кайттым эле. Бир кездеги жана ушу таптагы коллегам Лиза Кёртис айымдан көпчүлүктү түйшөлткөн бир соболго жооп алдым.

Социалдык желе жамыбызды чырмап, бүгүн ар бирибиз маалымат мейкиндигинде өз бетинче аракеттенип, ар кимибиз каалаганыбызды жазып, аудитория үчүн күрөштө эреже сыйлаган жана жоопкерчиликтүү журналистиканын наркына баш ийген салттуу медианын үнү аста чыгып, мен блогермин дегендердин, антип атабаса да ар ким көпчүлүктүн көөнү үчүн, көбү-төгүн, азы чын маалыматтарын каалаганын платформага жайгаштырып, аны караламан журт жапырт угуп, окуп жаткан шартта “Вашингтон пост”, “Нью-Йрок таймс” гезиттеринин таасири кемип, баркы түшүп баратабы деп сурадым. Социалдык желе, ага жасалма интеллект кошулуп, элдин акыл-оюн бийлей баштаганда, бул тенденция улам күч ала баштаганын, эми салттуу медианын, гезиттердин, дегеле басма сөздүн абалы кантээр экен, айылдан алыс кубаланып, эски журтта калбас бекен деп сурадым.

Кёртис айым гезиттердин, салттуу басма сөздүн таасири азаймак турсун, мындан апры ого бетер күчөйт. Анткени коом, аудитория объективдүү маалыматка, салмактуу аналитикага муктаж, ал муктаждыкты социалдык желедеги камгактай оогон блогерлер аткара албайт деген ишенимин билдирди. “Кыргыз Туусу” гезитинин баш макаласындагы (2026-ж. 6-ноябрь, № 83) “Утурумдук мамиле өкүм сүргөн, камгак сымал оомо, хайп кубалаган ээрчиме заманда объективдүү маалыматка, калыс пикирге, терең анализге коом ого бетер муктаж. Бул коомдун психологиянын эбак далилденген мыйзамченемдүүлүгү. Окуянын аныгына жетүүгө умтулуу, чындыкты издөө эзелки, универсал жана туруктуу мыйзамченемдүүлүк. Буга тарыхый тажрыйба, өнүккөн өлкөлөрдүн мисалы анык далил” деген тезиси дүйнөдөгү эң ири мамлекеттин тажрыйбалуу аналитиги, эски чалгынчысынын пикирине үндөшүп турганы тегин эмес.

Лиза Кёртис өз пикирин бекемдеген мисал да келтирди. Капиталынын көлөмү боюнча Apple компаниясынан кийинки эле экинчи орундагы ($4,2 трлн), микрочиптерди чыгаруу боюнча эң ири ишкана Nvidia фирмасынын гендиректору Женсен Хуанг “Вашингтон пост” гезитине иликтөө жарыяланган соң гана кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Ага чейин социалдык желедеги үндөш маалыматтарга компаниянын  директорлор кеңеши, акционерлер анча тооткон эмес. Качан гана Американын карт басылмасы материал жарыялаганда башкы менеждер кызматтан четтетилген. Кудуреттүү саясий жана бизнес топтор “Вашингтон посттун” таасирине туруштук бере албады.

Кёртис айым өнүккөн өлкөлөрдө гезиттер менен эсептешет, басма сөздүн ролун жогору баалайт, аны сиз да жакшы билесиз да деген кыйытмасы мага Өзбекстанга кечээ жакындагы сапарымды кайра бир эске салды. Тээ 1996-жылы Ташкентте өткөн саммитте таанышкан, анда Ислам Каримовдун кеңешчиси, кийин вице-премьер, азыр гезиттин баш редактору кадырлуу Өткүр Рахматовдун чакыруусу менен “Халк сөзү” парламенттик гезитинин 35 жылдыгына арналган эл аралык конференцияга барып, боордош өлкөдө басма сөздүн таасири күч, баркы жогору, мааниси артык экенине да бир ирет күбө болдум.

Алмаз КУЛМАТОВ

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар