Башкы беткеКоомЧырпык тиксең эле чынар болуп кетпейт...

Чырпык тиксең эле чынар болуп кетпейт…

   «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында өлкө аймагына миллиондогон көчөттөр отургузулду. Жашылдандырууга ири каражаттар бөлүнүп жаткан чакта алардын канчасы көгөрүп, канчасы куурап жатканы коомчулукту ойлондура турган маселеге айланды. Көчөт отургузуу иштин башталышы гана, аны сугарып, багып, коргоп, чоң даракка айландыруу андан да чоң жоопкерчиликти талап кылат. Тилекке каршы, айрым аймактардагы көрүнүштөр бул багытта жетиштүү көңүл бурулбай жатканын айкындайт.

 

«Кыргыз Туусу» гезити буга чейин да жашылдандыруу иштеринин жүрүшү, көчөттөрдүн абалы жана бул багыттагы жоопкерчилик маселесине бир нече ирет кайрылып жазган. Себеби көчөт отургузуу өнөктүгү жыл сайын өткөрүлүп, ага мамлекеттик бюджеттен жана башка булактардан каражат бөлүнгөнү менен, айрым аймактарда тигилген көчөттөр кароосуз калууда. Көчөттүн тамыр алышына, өсүшүнө шарт түзүү ошол ишти уюштурган мекеменин да, жергиликтүү бийликтин да жоопкерчилиги.

Маселен, 2025-жылы республика боюнча 8 млн 239 миң 915 көчөт отургузулганы маалымдалган. Алардын 74,5 пайызы өскөн. Демек, калган 25,5 пайызы боюнча өсүп кетүү көрсөткүчү катталган эмес. Мындай көрсөткүч көчөт отургузуудан кийинки кароо жана көзөмөл иштерин күчөтүү зарылдыгын айгинелейт. Эгер бул көрсөткүчтү жөнөкөй эсеп менен карасак, 8,2 миллиондон ашык көчөттүн төрттөн бирине жакынынын өсүп кетиши камсыздалган эмес. Бул аз сан эмес. Ар бир көчөттүн артында аны сатып алууга, ташууга, жер даярдоого, отургузууга жана сугарууга жумшалган каражат турат. Анда өсүп кетпеген көчөттөр менен кошо канча эмгек жана мамлекеттик каражат текке кетти?

Мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча көчөт сатып алууга эле эмес, аны жерге отургузууга, сугарууга, коргоого жана андан кийинки өсүп жетилишине да жумшалышы керек. Эгер бул иштердин бири аткарылбай калса, анда баштапкы максатка жетүү кыйын. Бюджеттен бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгү куураган көчөттөр менен кошо жок болуп кетүүдө.

Буга Баткен облусунун Лейлек районундагы «Жашыл чек ара» долбоору ачык мисал боло алат. Жакында Ош экологиялык прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө бул долбоорду ишке ашырууга 100 млн 887 миң 900 сом бөлүнгөнүнө карабастан, отургузулган көчөттөрдүн 95 пайызына жакыны куурап калганы аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө долбоордо каралган иштер толук аткарылбаганы, көчөттөрдүн өсүп, тамыр алышы жана сугарылышы үчүн зарыл шарттар түзүлбөгөнү белгилүү болгон.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүүдө.

Бул көчөттөрдүн куурап калганы мамлекеттик каражатты пайдаланууда жоопкерчиликтин канчалык маанилүү экенин көрсөткөн окуя. Эгер долбоорго жүз миллион сомдон ашык каражат бөлүнүп, анын натыйжасында отургузулган көчөттөрдүн 95 пайызы куураса, анда аны уюштургандардан, аткаргандардан жана көзөмөлдөгөндөрдөн жооп талап кылуу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени бюджеттин ар бир сому элдин салыгынан куралат. Ал каражаттын максатсыз же натыйжасыз пайдаланылышы коомдун ишенимине доо кетирет.

Албетте, көчөттөрдүн куурап калышына кургакчылык, суунун тартыштыгы, аба ырайы, топурактын өзгөчөлүгү сыяктуу табигый себептер да таасир этиши мүмкүн. Бирок мындай жагдайлар алдын ала эске алынып, долбоор иштелип жатканда эле сугаруу системасы, көчөттөрдү кароо жана коргоо маселелери чечилиши керек болчу. Табигый шартты шылтоо кылып, жоопкерчиликтен качууга болбойт. Тескерисинче, кайсы аймакка кандай дарак тигүү керектигин, анын климатка ылайыктуулугун, канча суу талап кыларын алдын ала аныктоо долбоорду ишке ашыргандардын милдети.

Мындай көрүнүш бир гана Лейлекке тиешелүү эмес.

Эсептөө палатасынын Токтогул шаары боюнча аудиттик материалдарында да «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында отургузулган көчөттөргө байланыштуу мыйзам бузуулар аныкталган. 2024-жылы Токтогул шаары менен Токтогул токой чарбасынын ортосунда 3 миң даана грек жаңгагы жана өрүк көчөтүн сатып алуу боюнча 112 миң сомдук келишим түзүлгөн. Анын ичинен 1 200 жаңгак жана 500 өрүк көчөтү 3,5 гектар жерге отургузулган. Бирок көчөттөр убагында сугарылбагандыктан, алардын дээрлик 90 пайызы куурап калган. Аудитте куураган көчөттөрдүн наркы 82 миң сом деп эсептелген.

Мындан тышкары, Жалал-Абад шаары боюнча 2023-жылдагы аудитте 160 даана эмен жана 540 даана каштан көчөтү башка жерге көчүрүлүп отургузулгандан кийин толугу менен куурап калганы аныкталып, 241,5 миң сомдук чыгым катталган. Ысык-Ата районунда болсо 150 түп смарагд арчанын 37си тамыр албай куурап, 318,2 миң сомдук каражат натыйжасыз пайдаланылган. Ошондой эле Токмок токой чарбасынан сатып алынган 9 миң сомдук көп жылдык бак-дарактардын да куурап калганы аудитте белгиленген.

Ал эми Аламүдүн районунун Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтүндө сатып алынган декоративдик өсүмдүктөрдүн бир бөлүгү жок болуп, калганына байланыштуу отургузуу же куурап калуу актылары түзүлбөгөнү аныкталган. Бул жагдай боюнча 9,2 миң сомдук каражаттын максаттуу пайдаланылышы күмөн жараткан. Токтогул районундагы 82 миң сомдук куураган жаңгак жана өрүк көчөттөрүн да эске алганда, аталган аудиттик материалдарда өсүмдүктөргө байланыштуу 668,9 миң сомдук чыгым жана жетишпестик катталган.

Маселе көчөт отургузуу өнөктүгүн өткөрүүдө эмес, аны кандай уюштуруп, кандай көзөмөлдөп жаткандыгыбызда. Иш-чаранын жүрүшүндө сүрөткө түшүп, күрөк кармап көчөт тигип коюу менен экологиялык милдет аткарылып калбайт. Эртеси күнү ал көчөттү ким сугарат? Жайдын аптабында ким карайт? Малдан, адамдын этиятсыздыгынан ким коргойт? Куурап калса, анын ордуна жаңысын ким отургузат? Бул суроолорго алдын ала так жооп болууга тийиш.

Көчөттөрдү отургузууда бак-дарактын түрүн туура тандоо да маанилүү. Ар бир дарак бардык эле жерде өсө бербейт. Тоолуу аймакка, өрөөнгө, кургакчыл жерге же суу жетиштүү болгон аймакка отургузула турган көчөттөрдүн түрү ар башка болушу керек. Жердин кыртышы, климаттык шарт, сугат мүмкүнчүлүгү жана көчөттүн жергиликтүү табиятка ылайыкташкандыгы адистер тарабынан алдын ала изилденүүгө тийиш. Болбосо, канчалык көп көчөт сатып алынып, отургузулбасын, анын жашап кетүү мүмкүнчүлүгү төмөндөй берет.

Ошондой эле көчөт отургузуу менен аны багуунун ортосундагы жоопкерчилик так бөлүштүрүлүшү зарыл. Көп учурда өнөктүктүн уюштуруучулары көчөттөрдү отургузуу боюнча отчет беришет да, андан кийинки иштер башка мекемелерге же жергиликтүү бийликке жүктөлүп калат. Натыйжада ар ким өз милдетин экинчисине оодарып, көчөттөр кароосуз калат. Мындай башаламандыкты жоюу үчүн ар бир отургузулган аянтка жооптуу мекеме же кызматкер бекитилип, көчөттөрдүн сакталышы боюнча үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүшү керек.

Мындан тышкары, мамлекеттик каражаттын сарпталышы боюнча ачык-айкындуулук зарыл. Жарандар кайсы аймакка канча каражат бөлүнгөнүн, көчөттөр канча сомго сатып алынганын, отургузуу жана сугаруу иштерине канча каражат жумшалганын билүүгө укуктуу. Эң негизгиси, бөлүнгөн акчанын натыйжасы кандай болгону ачык көрсөтүлүшү керек. Көчөттөрдүн саны менен катар алардын бир жылдан кийинки, үч жылдан кийинки жана беш жылдан кийинки сакталуу көрсөткүчтөрү да жарыяланып турса, иштин чыныгы натыйжасын баалоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылы «Жашыл мурас» өнөктүгүнүн алкагында өлкө боюнча 9 миллион көчөт отургузуу пландалган. 2026-жылдын 9-мартына карата 3 млн 820 миң 663 көчөт отургузулганы кабарланган. Демек, жашылдандыруу иштери мындан ары да чоң масштабда улантылат. Бирок былтыркы көчөттөрдүн өсүп кетишин толук камсыздай албай жатып, быйыл дагы миллиондогон көчөт отургузуу менен кандай натыйжага жетебиз деген суроо жаралбай койбойт.

Мындан ары жашылдандыруу маселесинде «канча түп тигилди?» деген суроодон тышкары «канчасы көгөрдү, канчасы сакталды, канчасы куурады жана анын себеби эмнеде?» деген суроолорго да жооп берилиши шарт.

Чырпык тиксең эле чынар болуп кетпейт. Бизге кагаз жүзүндөгү жашылдандыруу эмес, көзгө көрүнгөн, тамыр жайган, келечек муундарга көлөкө бере турган жашыл мурас керек…

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу».

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар