Башкы беткеКоомЮНЕСКОнун тизмесине сунушталган тарыхый мурастар

ЮНЕСКОнун тизмесине сунушталган тарыхый мурастар

Кыргызстандын түштүк аймагындагы алты тарыхый-маданий объект ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирүүгө талапкер катары сунушталды.

 

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин тарыхый-маданий мурастар бөлүмүнүн башчысы Чынарбек Жолдошовдун айтымында, алты объект «Жибек жолу: Фергана–Сырдарыя коридору» аталышындагы трансулуттук номинациянын алкагында сунушталган. Алардын катарына Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Кулбесхан шаар чалдыбары, Ала-Бука районундагы Сафид-Булан (Шах-Фазиль) тарыхый-маданий комплекси, Өзгөн археологиялык-архитектуралык комплекси, Ош облусундагы Шоро-Башат шаар чалдыбары, Кара-Суу районундагы Айрымач-Тоо (Сүрөттүү-Таш) аска бетиндеги сүрөттөрү жана Баткен облусундагы Кара-Булак көрүстөн комплекси кирет.

«Жибек жолу: Фергана–Сырдарыя коридору» номинациясынын үстүндө иштөө 2015-жылы башталган. Анын алкагында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан Улуу Жибек жолуна байланышкан тарыхый эстеликтерди бирдиктүү маданий мурас катары ЮНЕСКОнун тизмесине сунуштап жатышат. Кыргызстандын бул багыттагы сунушу 2025-жылдын 28-январында ЮНЕСКОнун расмий сайтында катталган.

Тарыхта Улуу Жибек жолунун маанилүү бөлүктөрүнүн бири Фергана өрөөнү аркылуу өткөн соода каттамдары Даван мамлекети, Кашкар, Ош, Өзгөн жана башка тарыхый борборлорду байланыштырган. Ошол жолдор аркылу соодагерлер менен саякатчылар каттаган, ар түрдүү мадуанияттар, билим, технологиялар жана көркөм өнөр салттары да тараган.

1.Талапкерлердин бири Чаткал өрөөнүндө жайгашкан Кулбесхан шаар чалдыбары. Орто кылымдарга таандык бул археологиялык эстелик мурдагы шаар турмушунун калдыктарын камтыйт. Анын тарыхый мааниси географиялык жайгашуусу менен да байланыштуу. Чаткал өрөөнү Фергана аймагын Талас жана Чүй тараптагы жерлер менен байланыштырган тоолуу өткөөлдөргө жакын жайгашкан. Байыркы Фергана жолунун Чанах ашуусу аркылуу Талас өрөөнүнө чыккан тармактары да тарыхый документтерде эскерилет.

2.Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Сафид-Булан (Шах-Фазиль) тарыхый-маданий комплекси архитектуралык жана руханий мурастардын айкалышы менен айырмаланат. Бул Кыргызстандын түштүгүндөгү белгилүү тарыхый жайлардын бири. Комплекстин негизги эстелиги XI кылымга таандык Шах-Фазиль күмбөзү. Тарыхый-архитектуралык изилдөөлөрдө анын курулушу болжол менен 1055–1060-жылдарга туура келери айтылат.

Күмбөз Караханийлер доорундагы архитектуралык өнөрдүн маанилүү үлгүсү болуп саналат. Анын ички дубалдары геометриялык жана өсүмдүк сымал оймо-чиймелер, араб жазуусундагы белгилер менен кооздолгон. Комплексте мындан тышкары Сафид-Булан жана Келдекана күмбөздөрү, байыркы мүрзө таштары жана зыярат кылуучу жайлар бар.

3.Ал эми Өзгөн археологиялык-архитектуралык комплекси байыркы шаар маданиятынын өнүгүшүн айгинелеген өзгөчө эстеликтердин бири. Өзгөндүн тарыхы биздин заманга чейинки II–I кылымдарга чейин жетет. Айрыкча XI–XII кылымдарда Караханийлер мамлекетинин саясий, экономикалык жана маданий борборлорунун бири катары өнүккөн.

Комплекстин негизги бөлүгүн Өзгөн мунарасы, үч күмбөз, байыркы шаар чалдыбарлары жана Өзгөн-Арык каналы түзөт. XI кылымдын аягы XII кылымдын башында курулган мунара кыштан тургузулуп, өзүнүн архитектуралык түзүлүшү жана оймо-чиймелери менен айырмаланат.

4.Ош облусундагы дагы бир маанилүү объект Өзгөн районунда жайгашкан Шоро-Башат шаар чалдыбары. Археологиялык маалыматтар боюнча, бул жерде шаардык маданият биздин заманга чейинки I миң жылдыкта эле калыптана баштаган. Кийинчерээк конуш өнүгүп, коргон дубалдары, турак жайлар жана чарбалык курулуштар пайда болгон.

Археологиялык казуулар учурунда шаардын үч бөлүктөн турган түзүлүшү, борбордук чеби жана коргон дубалдары аныкталган. Табылган карапа буюмдары байыркы тургундардын тиричилигин, кол өнөрчүлүгүн жана маданий байланыштарын изилдөөгө шарт түзөт.

  1. Кара-Суу районундагы Айрымач-Тоо (Сүрөттүү-Таш) аска бетиндеги сүрөттөрү менен өзгөчөлөнөт. Бул жер байыркы адамдардын дүйнө таанымын, жашоо образын жана жаратылыш менен болгон мамилесин чагылдырган тарыхый булак. Аска беттеринде жылкылардын, атчан адамдардын, бугулардын, эчкилердин, төөлөрдүн жана башка жаныбарлардын сүрөттөрү түшүрүлгөн. Ошондой эле Күн менен асман телолорун символдоштурган белгилер кездешет. Айрыкча жылкы сүрөттөрү өзгөчө кызыгууну жаратат. Алар илимий адабияттарда «Даван аттары» деген ат менен белгилүү. Байыркы кытай жазма булактарында Фергана аймагынын жылкылары күчү, чыдамкайлыгы жана күлүк сапаттары менен даңазаланып, «асман аттары» деп аталганы айтылат. Бул сүрөттөр байыркы элдердин чарбасында жана руханий дүйнөсүндө жылкынын орду кандай болгонун чагылдырган баалуу мурас.
  2. Ал эми Баткен облусундагы Кара-Булак көрүстөн комплекси байыркы жана орто кылымдардагы калктын жашоо образын, диний ишенимдерин жана маркумдарды жерге берүү салттарын изилдөө үчүн маанилүү объект катары сунушталган. Көрүстөн комплекстери археология илиминде коомдук түзүлүш, маданий байланыштар жана көркөм өнөр тууралуу маалымат берген баалуу булак. Кара-Булак да Фергана өрөөнүнүн түштүк-батыш бөлүгүндөгү тарыхый-маданий мурастардын маанилүү бөлүгү катары каралууда.

ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине тарыхый мурастардын кириши Кыргызстан үчүн чоң сыймык дагы, эл аралык деңгээлдеги жоопкерчилик дагы. Бул макам тарыхый эстеликтерди дүйнөгө таанытуу менен бирге, аларды сактоо, коргоо жана келечек муундарга жеткирүү боюнча мамлекетке олуттуу милдеттерди жүктөйт. Андыктан тарыхый мурастарды эл аралык тизмеге сунуштоо демилгеси конкреттүү иштер менен коштолушу зарыл. Кыргызстан 1972-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастарын коргоо жөнүндө конвенцияга кошулуу менен тарыхый мурастарды сактоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди алган. Биз ЮНЕСКОнун алдында эле эмес, ата-бабалардын тарыхый мурасын аманат кылып алган кийинки муундардын алдында да жоопкербиз.

Бир кезде Улуу Жибек жолу аркылуу түрдүү элдерди байланыштырган Фергана өрөөнүнүн тарыхый эстеликтери бүгүн да Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга кызмат кыла алат. Бул демилге өткөндү даңазалоо менен чектелбестен, улуттук мурастарды сактоо, өлкөнүн маданий беделин көтөрүү жана тарыхый туризмди өнүктүрүүдө мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар