Адатта, адабиятка жакын адамдар жугумдуу сүйлөшөт. Кай темада кеп курбасын, кулагың төшөп уккуң келет. Кесиби финансист болгону менен Карагул Бейшенов байке да адабиятка жакын адам. Кезинде Беганас Сартов, Алым Токтомушевдер менен чогуу жүрүп, далай адабий талкууларга катышып, адабияттын күңгөй-тескейи тууралуу балбан сөздөрүн айтчу дешет билгендер. Ырасында эле, тилинен бал тамган, сөзү ширин адам экен. Жакында редакциябызга баш багып, бизге эки бир туугандын түгөйлөш тагдыры, Үркүн тууралуу, биринчи дүйнөлүк согушка катышкан кыргыз тууралуу айтып берип, биз бир тамшанып, бир аргасыз үшкүрүнүп отуруп уктук.
- Анда кырчын талдай жаш курагым. Жогорку окуу жайын бүтүрүп, өкмөт менен партия тапшырган иште иштеп жүрөм. Агылган айлардын бир айларында, күндөрдүн бир күндөрүндө Нарын тарапка жолум түшүп барып калдым эле, кайра Фрунзеге жол тартып, Рыбачьеге келдим. Анда Балыкчы – Рыбачье, Бишкек – Фрунзе аталган убак. Эки шаардын ортосу итапкан аралык. Кокус, Көл, Нарын тарапка барып калсам, кайра кайтканда Рыбачьеден Фрунзеге сөзсүз поездге отурчумун. Себеби, Фрунзеде үйүм темир жол вокзалына жакын. Жөө басып жетип каласың. Ошол жолу да поездге отурдум. Азыркыдай купе вагондор жок, эски вагондор. Менин бет маңдайыма менден бир топ улуураак, көптү көрүп калган, жашамал адам отуруп калды. Көзү тирүү, адамды бир караганда эле аңтара-теңтере көрүп койгон кыраакы адам экен. Мен жаш кезимен улама кепке жакынмын. Сөз билген адам болсо, аны сааттап болсо да, сөзүн бөлбөй, улам суроо салып коюп, уга бергенди жактырам.
Поезд жыла бергенде, мени бир карап, бүркүттөй комдонуп, оңтойлуу отура берип, аты-жөнүмдү сурады да:
– Ээ, балам, элде “сууну сиңген жерге куй, сөздү уккан кулакка айт” деген кеп бар. Карап отурсам, сөз тыңдай билген балдардан окшойсуң. Узак жолдо, бырылдап уктап, өмүрдү уйкуга кор кылбай, оозуңда сөзүң болсо, сүйлөшкөнгө эмне жетсин, – деп сөз баштап, менин жообумду күтпөстөн кебин улады. – Мындан он жыл илгери досторумдун бири ээрчитип, Көлдүн … айылына конокко барып калдым. Үй ээсинин атасы сексендерге келип калган карыя экен. Небересинин тушоосун кесип, тойчук берип, ошого жетине албай кубанып, төрдүн көркү болуп, Бакай бабабыздай бакыйып отурду. Карыса да үнү кайраттуу экен, үнүн көтөрүп сүйлөбөгөн менен, эшик-төрдөй жерге шашпай угулуп турду. Адеп өзүн тааныштырып, ата-тегин, уруусун, Көлдүн касиеттүү бул жерлерине качан жана кантип келгенин айтып берип:
- Ии, балдар, эми сөз силерде, кимиңер топ жарасыңар, – деп бизге карады.
Топто отурганда, топ жарып сүйлөө, сүйлөгөндө да нарктуу сүйлөө оңой эмес. “А” деп көмөкөйүңдү ачканда, нары жагың аңырайып көрүнүп калат.
Карыя бир саамга баарыбызды кыдырата карады. Асты сынай карабады. Нарк билгени, салт билгени көрүнүп турду.
- Даамдаш, табакташ, насиптеш болгон соң, тааныша отурганга эмне жетсин, эртеден бери эрикпей эмнеге эли-журтум тууралуу айттым? Бул сөз силердин кулагыңарда калып калса, тиги отурган майда балдардын кулагында калса, эртең алар да чоңоет, өсүп жетилет, ошолор төрдө отура турган мезгил келет, ошондо алар ата-бабалардан келаткан салтты, наркты сактап, көргөн-билгенин, укканын айта жүрсө, элдин элдүүлүгү ошондо сакталат. Кеп, ар ким өз тегин билгенде гана эмес, ата-бабалары кайсы жерди конуш кылып, кайсы жерлерди ыйык тутуп, кайсы жерлерде көчүп-конгону да өтө маанилүү. Эл менен жер киндиктеш. Кандай замандар болбогон, элибиздин башынан эмнелер өтпөгөн. Мунун баары биздин өтмүшүбүз. Санжыра-тарыхыбызды биле жүргөнүбүз жөн. Чоң тарыхый окуялардын, баатырдык жортуулдардын, баатырлардын жөнү бөлөк. Ал окуялар сөзсүз эл оозунда айтылып калат. Арийне, эл тарыхында биздин, биерде отурган ар бирибиздин өз тагдырыбыз бар. Ошол баштан өткөндөрдүн баарын болбосо да, айрымдарын, кызыктууларын отурган-турган жерибизде айта жүрсөк, элдин кулагында калабы дейм да.
Менин башымдан да өзүмдүн түшүмө кирбеген, таң каларлык тагдыр өткөн. Чоң теринин бучкагы демекчи, ал чоң тарыхтын бир үзүмү, кесиндиси боло албайт, ошентсе да жөн отургуча айта кетейин, – Карыя ушунчалык даамдуу сүйлөйт экен, баарыбыз дым болуп, карыянын оозун тиктейбиз. – Тааныганың бар, тааныбаганың бар, бу отурган балпайган байбиче – менин тагдырлашым, үзөңгүлөшүм. Ушул байбичеме менин бир тууган агам эки үйлөндү, мен эки үйлөндүм, – деп ушунчалык мээрим менен баятан бери үн-сөзү жок момурайып абышканы карап отурган, карыса да жүзүнөн нур төгүлгөн ак жуумал ак жоолук салынган аялзатын каш кагып карап койду. Баарыбыз дым болуп калдык. “Агасы эки үйлөнүп, өзү эки үйлөнгөнү кандай?” – деп баарыбыздын оюбуз он талаа кетти. Карыянын табышмактуу сөзү баарыбызды ойго салып койду. Бири-бирибизди тиктеп калдык. Билбейм, мага баарынан да кызык болду карыянын аңгемеси. Кокус бирөө-жарымыбыз жөтөлүп ийсек, карыянын ою чачырап, сөзү бузулуп калчудай тынчсызданам ичимен. – Бул өзү узун окуя. Анда падышалык Россиянын убагы. Эр жетип калган убагыбыз. Менден улуу Атагул деген агам бар эле. Көлдүн көк терегиндей бою эңгезердей узун, жүзү жарык, сүйлөсө жөн сүйлөбөгөн, колдон суурулган, бир айылдын топ жарган жигиттеринин биринен эле. Кошуна айылдын ай десе аркы жок, күн десе көркү жок кызына үйлөндү. Агам кызды алгачкы апкелген күн эч эсимден кетпейт. Кош ат менен күн кызарып батып бараткан кезде келишти. “Келин келди” деп эле айыл ичи опур-топур болуп калды. Бир карасам, жеңелерибиз жаңы келген келиндин башына ак жоолук салып, боз үйдүн эшигин ачып киргизип жаткан экен. Күндүн манаттай болуп батып бараткан кызылы келиндин жүзүнө таамп, агы ак, кызылы кызыл ажары нурга бөлөнүп туруптур. Жүрөгүм тыз этип алды. Бүткөн боюм дүркүрөп, биздин үйгө келин менен кошо нур киргендей, эсим ооп калыптырмын го.
Ошол ошол болду, аңгыча орус падышасы ооруктагы кара жумуштарга кыргыздардан ала баштаптыр деген сөз тарады айыл арасында. Оболу байлар, колунда барлар мал берип, пара берип, балдарын ооруктагы жумуштарга жибербей алып калып, колунда жок кедей-кембагалдардын балдары кетип жатыптыр деп угуп калдык. Атагул агам башын атасынын же энесинин этегине катып, кара жанын ала каччулардан эмес эле. “Ата, барса баралы. Иштебей жүргөн иш беле. Эл көрөт, жер көрөт экенбиз, жашмын, бир-эки жылга барса барып келейин” деп өзү эле жөнөп кетти. Анда байланыш азыркыдай өнүккөн эмес. Кат жазат экен, кат жазат элек деген түшүнүк жок. Ошону менен кабарсыз кетти Атагул. Арадан бир жыл өтпөй, орустардын ооруктагы кара жумуштарына кеткендердин алды келе баштады. А Атагул агамдан кабар жок. Андан сурадык, мындан сурадык, көргөн жокпуз, билген жокпуз дешти. Атагул агам апкелген ажарынан ай төгүлгөн келиндин курсагы челкейип, бүгүн-эртең көз жарганы турат.
- Бала жетим төрөлбөсүн, келин кетпесин. Агасы өлсө, жеңе кайниники – дешти ага-туугандар. Мен кайда качмак элем. Ошентип, мени жеңеме никелеп коюшту. Эки бакыр, бир тукур болуп жашап калдык. Жеңем төрөдү. Ымыркай жеңем экөөбүздү ого бетер жакындаштырып койду. Бат эле бири-бирибизге көнүгүшүп кеттик. Арадан аз өттүбү, көп өттүбү, бир күнү базарда жүрсөм, ким-бирөөлөр: “Ай, Жалгаш, агаң Атагул Расейден кайтыптыр. Көргөндөр айтышты. Көрсө, ал ооруктагы кара жумуштарда иштебей, орус-герман согушуна катышып, жарадар болуп, анысынан айыгып, келгенче ушул болуптур” – дешип мени суроолуу карашты. Албетте, агамдын аман келгени мени кубантты. Бирок, агамдын бетин кайсы бетим менен карайм деген ой дилимди карайтты. Кудай жалгап, ошол күнү Кашкарга бир кербен кетип жаткан экен, ошолорго кошулдум да, ата-энеме амандыгымды, Кытайга кетип жатканымды кабар айттырып, кете бердим.
Тирүү эле сөлөкөтүм жүргөнү болбосо, тирүүнүн өлүүсүнөн эч айырмам жок эле. Арадан жарым жыл, бир жыл өттүбү, мен анда Үрүмчүдө элем, бир күнү падышалык Россиянын солдаттары казак-кыргыздарды аткылап кубалап, Ысык-Көлдүн кыргыздары Беделди ашып, Кашкар, Үрүмчүнү көздөп үркүптүр деп угуп калдык. Ошодон көп өтпөй Үрүмчүнүн базарында жүрсөм, Касымахун деген уйгур досум колун булгалап чакырат. Барсам:
- Сага жакшы жаңылыгым бар. Ата-энең, ага туугандарың келип, шаардын четинде жашап жатыптыр, – деди. Оболу Атагул агама кайсы бетим менен жолугам деп, оюм он талаа кетти. Ата-энемди, ага-туугандарды да сагынды элем, аял-жеңемдин да боюнда калгандай болгон. Мойнуман бир күч ары түртүп, бир күч бери түртүп, акыры ата-энеми кыя албай, жолдо кыйналып келгендир деп, жарым кап ун, талкан, катык-аш алып, жөнөп калдым. Келсем, бөтөн жер, бөлөк элге келгенге көнүшө албай, коомайсынып жашап жатышкан экен. Менин тирүү экенимди көрүп эле, баары басып жыгылышты. Карасам, Атагул агам көрүнбөйт.
- Атагул көрүнбөйт, агам кайда? – депмин го. Атам менен апам бири-бирин карап калышты.
- Ээ, балам, орус-герман согушуна барып, жарадар болуп келсе да, жүрөгүнүн курчу кайтпаптыр. Орус солдаттары элди аткылаганда, колуна союлун кармап, үрккөн элди коргойм деп, бейажал окко учту. Атагулдан ажырап калганбыз, – деди эр көкүрөк уулунан ажырап, кайгыдан карый түшкөн атам.
Адамдын тагдыры пешенесине жазылуу дейт го, пешенеге жазылган тагдырдан эч кайда кача албайт экенсиң. Ошентип, агам Атагулдун арзып алган аялына экинчи ирет үйлөндүм. Көрөркөз байбичеме эки жолу үйлөнгөнүмүн сыры ошондой. Бу неберем жеңе аялымдын боюнда кала берген баламдын уулу – тун неберем, – деди.
Баарыбыз моюнубуздан оор жүктү алып салгандай, шуу үшкүрүп отуруп калдык, – деди бет маңдайымда отурган бейтааныш жолоочу. Поезд Фрунзеге келип калган экен. Жолулашым менен жылуу коштошуп, эки жакка басып кеттик. Азыркыдай уюлдук телефон жок. А кишинин дайын-дарегин алып калбаганыма азыркыга чейин өкүнөм. Аттиң, азыркы акылым болгондо, а кишинин ар бир сөзүн жаздырып алып, бир кечте өз тагдыры тууралуу маек куруп берген карыянын үйүнө барып, ага-ининин арзуу баянын өз оозунан укмакмын. Эгер колу билген бирөө болсо, киного тартса, – деди Карагул байке.
Биз да кызык сөзгө тамшанып, жарым курсак болуп калдык. Ага-ининин арзуусу, айрыкча оттон-суудан кайра тартпаган, орус-герман согушуна катышкан Атагулдун тагдыры, бизди кызыктырып турду.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

