Башкы беткеКоомЛайк барымтасында

Лайк барымтасында

Нарциссизм – бул психологиялык, тагыраагы психиатриялык түшүнүк. Психологияда бул термин адамдын өзүнө ашыкча көңүл буруусун, өзүнүн башкалардан өзгөчө экенине ишенүүсүн жана башкалардын суктануусуна болгон муктаждыгын сүрөттөө үчүн колдонулат. Аны илимге Зигмунд Фрейд киргизген, ал эми аталышы суудагы өзүнүн чагылышын сүйүп калган байыркы грек мифиндеги Нарцисс аттуу жигиттин ысымынан алынган.

 

Психологдор нарциссизмди эки деңгээлде карашат. Нормалдуу нарциссизм деп коет, бул ар бир адамда белгилүү бир деңгээлде болуучу өзүн-өзү баалоо, жетишкендиктерге умтулуу, өзүн сыйлоо жана амбиция сезими. Ал адамга ийгиликке жетүүгө жана өзүн коргоого жардам берет.

А патологиялык нарциссизм – бул Аполлон ооруканаларынын маалыматы боюнча, адамдын мамилелерине жана жашоосуна терс таасирин тийгизүүчү олуттуу психикалык абал. Патологиялык нарциссизмдин негизги белгилери: өзүн башкалардан өзгөчө, акылдуу же маанилүү сезүү; айланадагылардын дайыма мактоосун, көңүл буруусун талап кылуу; башка адамдардын сезимдерин, оорусун же муктаждыктарын түшүнө албоо жана ага көңүл бурбоо; сырттан караганда текебер көрүнгөнү менен, ичинде өзүнө ишенбегендик жатат, ошондуктан кичинекей эле сынга катуу таарынышат же агрессия менен жооп беришет. Ага башкалар көңүл бурбай, же көрмөксөн болсо, буга да жандары кашайып, каны мээсине тээп чыгат.

Нарциссизм Нерон синдрому менен түз болбосо да, кыйыр байланышы бар. Нерон синдрому Байыркы Римдин императору Нерондун ысымы менен байланышкан. Нерон тарыхта өзгөчө карама-каршылыктуу инсан катары калган. Анын ысымы Римдеги чоң өрт менен байланышып, шаар күйүп жатканда ал ырдап, музыка угуп отурган деген уламыш кылымдардан бери айтылып келет. Нерондун ысымы коомдук аң-сезимде өзүмчүлдүктүн, бийликке мас болуунун, башкалардын азабына кайдыгерликтин символуна айланган.

Нерон синдрому клиникалык диагноз эмес, коомдук-психологиялык метафора. Анын маңызы — адамдын өз кызыкчылыгын, өзүнүн ырахатын жана көңүлүн башкалардын тагдырынан жогору коюшу. Башка бирөөнүн башына түшкөн мүшкүлгө боору оорубай, тескерисинче, аны көрүүчү катары кабыл алуу; кайгыны да, кырсыкты да, жаңжалды да көңүл ачуучу көрүнүшкө айлантуу.

Бүгүн социалдык тармактарда нарциссизм жана Нерон синдромуна окшогон көрүнүштөрдү көп эле жолуктурабыз. Жол кырсыгы болсо, жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүүгө эмес, телефонун алып видеого тартууга шашкандар бар. Бирөөнүн үйү өрттөнсө, анын кайгысын бөлүшкөндөн көрө, окуяны кызыгуу менен карап, комментарий жазгандар көбөйдү. Адамдын башына оор күн түшсө, аны колдоонун ордуна жеке жашоосун казып, кемчилигин издегендер чыгат. Бирөөлөр жакыны дүйнөдөн өтсө, ал кабарды соңтүйүндөн “сүйүнчүлөгөнгө” шашат, а соцтармак кайгысын бөлүшкөндүн ордуна, лайк басканы кызык.

Кээде бирөөнүн трагедиясы миңдеген көрүүчү чогулткан контентке айланат. Кайгынын өзү көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттыруучу товарга айланып калгандай.

Эң кооптуусу — мындай көрүнүштөрдү көрүп отуруп, ага көнүп баратканыбыз. Кайдыгерлик. Адамдын азабы бизди мурдагыдай селт эттирбей калды. Бирөөнүн көз жашы, кыйналганы, кор болгондугу, бактысыздыгы экрандын ары жагындагы кезектеги окуя катары кабыл алынат.

Мунун өзү коомдун руханий саламаттыгы үчүн кооптуу белги.

Алагушту атынан атасак, лайк, хайп, флешмоб – коомдун руханий оорусуна айланды. Социалдык түйүндөрдө баса отуруп алып, өзү менен өзү болуп, андагы өзүнүн жазылуучуларынын көзүнө бир көрүнүп алуу, соцтармактагы бейтааныш-тааныш “досторго” таанылуу, мактоо угуу бүгүнкү күндүн өзүнчө бир керектөөсүнө айланды. Адамдар жашоонун өзүнөн ырахат алгандан көрө, аны башкаларга көрсөтүүгө көбүрөөк убакыт коротуп калышты. Коомчулук акырындап өзүнүн табигый турмушунан, күнүмдүк жашоосунан алыстап, жасалмалуулуктун, жасалма атактуулуктун жана жасалма баалуулуктардын туткунунда, лайк, хайптын барымтасында калгандай.

Бүгүнкү күндө үч сөздүн үнү өзгөчө бийик угулат: лайк, хайп, флешмоб. Алар жөн гана интернет мейкиндигинде колдонулган түшүнүктөр эмес, коомдук аң-сезимге терең сиңип, адамдардын жүрүм-турумун, ой жүгүртүүсүн, ал тургай жашоого болгон мамилесин аныктай баштаган көрүнүштөргө айланды.

Кимдир бирөө канча лайк алды? Кимдин видеосу көп көрүлдү? Кимдин айтканы элдин көңүлүн өзүнө канчалык бурду? Ким кандай ызы-чуу жаратты? Азыр көпчүлүктүн көңүлүн ушундай суроолор ээлеп калды. Адамдын билими, адамгерчилиги, жасаган эмгеги, коомго кошкон салымы эмес, канчалык деңгээлде көрүнүктүү болгону маанилүү болуп бараткандай.

Лайк, хайп — жашоонун максатына, ал эми башкалардын көңүлүн буруу — ийгиликтин өлчөмүнө айланды. Баарынан өкүнүчтүүсү мамлекеттик мекемелер да маалымат саясатын лайк менен хайптын деңгээлинде түшүнүп калышты. Ошол үчүн блогерлер алдыңкы орунга чыкты, маммекемелер маалымат каражаттарына эмес, бүгүн блогерлердин кызматына муктаж болуп, блогерлерге күнү түшүп калды. Мамлекеттин акчасы кара каш, ботокс ооз блогерлерге төлөнүп жатат.

Мурда адам өзүнүн кадыр-баркын эмгеги, билими, жүрүм-туруму, элге кылган жакшылыгы менен далилдөөгө аракеттенчү. Азыр болсо кээ бирөөлөр үчүн экрандан көрүнүп туруу, ар бир кадамын жарыялоо, ар бир сөзүнө реакция алуу өзүнчө бир муктаждыкка айланды. Кээде адам бир нерсени башкалар менен бөлүшүү үчүн эмес, башкалар көрсүн, суктансын, мактасын деген максатта жасайт. Жашоонун өзү экинчи планга жылып, анын сүрөтү, видеосу, элге көрсөтүлгөн жасалма элеси биринчи орунга чыгат.

Мунун эң өкүнүчтүү жагы — адам бара-бара өзүнүн ички дүйнөсүнө эмес, сырттан берилген баага көз каранды болуп баратканы. Бирөөнүн мактоосу маанайын көтөрөт, көңүл бурбай койсо көңүлү чөгөт. Лайк аз болсо, өзүн бааланбагандай сезет. Башкалардын көңүлүнөн чыгып калуудан коркот. Ошентип, адам өзүнүн жашоосунун кожоюну болбой, белгисиз көпчүлүктүн пикиринен көз каранды абалга келди.

Бул жөн гана технологиянын таасири эмес, адамдын ички эркиндигине байланышкан олуттуу маселе. Мунун өзү лайк күткөн, хайп күткөн коом айыккыс ооруга чалдыкканын талашсыз далилдеп турат.

Элде өлүмдөн башканын баары эрте болгону жакшы деген кеп бар. Флеш, флешмоб — көз ирмемдик таасирдин маданияты. Бүгүнкү коомдо баары тез болушу керек. Тез атактуу болуу, тез баюу, тез ийгиликке жетүү, тез таанылуу. Күтүүгө, изденүүгө, үйрөнүүгө, бир нерсеге жылдап эмгек жумшоого чыдам азайып баратат. Психологдор ымыркайларда флешаутизм дарты пайда болгонун айтышууда. Себеби, ата-эне балдарына уюлдук телефон карматып коет, алар ал жактан 1-1,5 мүнөттүк кыска видеолорду көрөт, эгер андан узагыраак видео болсо, балдарда паника башталат.

Адамдар узун текстти окугандан көрө кыска видеону көрүүгө, татаал маселени талдагандан көрө даяр бүтүмдү кабыл алууга, терең маектен көрө бир нече секунддук таасирге артыкчылык беришет. Көз ирмемдик эмоция узакка созулган ой жүгүртүүнүн ордун ээлеп калды.

Албетте, технологиянын ылдамдыгы — замандын талабы. Бирок маалыматты тез кабыл алуу менен аны терең түшүнүү эки башка нерсе. Көп маалымат билүү менен билимдүү болуу да бирдей эмес. Күн сайын миңдеген кабарларды окуган адам алардын бирин да терең аңдабай калышы мүмкүн.

Натыйжада коомдо маалымат көп, бирок түшүнүк аз; сүйлөгөн адам көп, бирок уккан адам аз; өз оюн билдиргендер көп, бирок өз алдынча ой жүгүрткөндөр аз болуп бараткандай.

«Коомчулук оорукчан журтка айланды» дегендик – коомдун руханий-психологиялык абалын мүнөздөйт. Анткени кеп – жеке адамдардын психикалык саламаттыгында эмес, жалпы коомдук жүрүм-турумда, баалуулуктар системасында жана аң-сезимде байкалып жаткан өзгөрүүлөрдө.

Бирөөнүн ийгилигин көрө албастык, башкалардын жеке жашоосуна ашыкча кийлигишүү, ар бир окуядан талаш чыгаруу, далилсиз айыптоо, кемсинтүү, мазактоо, бирөөнүн кайгысын да көрүүчүлөрдүн көңүлүн буруучу көрүнүшкө айландыруу… Мунун баары коомдук оорунун белгилери.

Эң өкүнүчтүүсү — кайдыгерлик менен ырайымсыздык катар жашап калды. Жогоруда айтып кеткенибиздей, кимдир бирөө жардамга муктаж болуп турганда көңүл бурбаган адам башка бирөөнүн жаңылыштыгын көрүп калса, аны бүтүндөй коомго жарыялоого шашат. Бирөөнүн кемчилигин ашкерелөө хайпка айланды, ал эми анын көйгөйүн түшүнүүгө аракеттенүү эч кимге керек эмес.

Кээде социалдык тармактардагы талкууларды карап отуруп, адамдардын бири-бирине болгон мамилесинде боорукерлик азайып, ачуулануу, жек көрүү, шылдыңдоо күчөп баратканын байкайсың. Кимдир бирөөнүн пикири жакпаса, жүйө менен жооп берүүнүн ордуна анын жеке башына асылуу кадимки көрүнүш.

Мындай коомдо адамдын аброю да, ар-намысы да, жеке жашоосунун кол тийбестиги да оңой эле тебелениши мүмкүн. Маселенин дагы бир терең жагы бар. Адам өзүн башкалар менен улам салыштырып жашай баштады. Бирөөнүн кымбат унаасы, экинчисинин кооз үйү, үчүнчүсүнүн саякаты, төртүнчүсүнүн популярдуулугу…

Социалдык тармактарда адамдар көбүнчө жашоосунун эң кооз, эң ийгиликтүү учурларын гана көрсөтүшөт. Бирок ошол кооз сүрөттөрдүн артында кандай түйшүк, кандай көйгөй, кандай жалгыздык турганын эч ким билбейт.

Ошентсе да көргөн адам өзүнүн күнүмдүк турмушун ошол жасалма идеал менен салыштырат. Өзүн кем сезет, жашоосуна нааразы болот, башкалардай көрүнүүгө аракеттенет. Акырында адам өзүнүн табигый жүзүн жоготуп, бирөөгө жагууга ылайыкташкан образды жарата баштайт.

Бул жерде эң олуттуу суроо туулат: биз чындап жашап жатабызбы же жашап жаткандай көрүнүүгө аракеттенип жатабызбы?

Коомдо ар бир адам өзүн көрсөтүүгө умтулганда, кимдир бирөөнү угууга, түшүнүүгө, анын ички дүйнөсүнө үңүлүүгө убакыт жана каалоо азаят. Натыйжада адамдар бири-бирине жакындагандай көрүнгөнү менен, руханий жактан алыстап баратат. Технология байланыштын мүмкүнчүлүгүн кеңейтти, бирок адамдык жакындыктын тереңдешине кепилдик бере алган жок.

Илгери бирөө бир күлүк сатып алып, аны ал жагына бир чыгып, бул жагына бир чыгып мактай берет экен. Анда досу “бу жашоодо аттын кыгынан да өйдө нерселер бар” деген тура. Анысы кандай, кээ бир адамдар аттын кыгынан да өйдө нерселер бар экенин унутуп, лайктын, хайптын барымтасында калды.

Демек, маселе технологияда эмес, аны колдонгон адамдын аң-сезиминде. Технология адамды бийиктетиши да, өзүнө кул кылышы да мүмкүн.

Ошондуктан бүгүнкү коомго эң зарыл нерсе — лайкты азайтуу же социалдык тармактардан баш тартуу эмес, адамдын ички дүйнөсүн, ой жүгүртүү маданиятын, руханий туруктуулугун сактоо. Өз пикириңди билдирүүдөн мурда ойлонуу, маалыматты таратуудан мурда текшерүү, бирөөнү айыптоодон мурда түшүнүүгө аракеттенүү, бирөөнүн ийгилигине көрө албастык кылбай, кубана билүү — булар жөнөкөй көрүнгөнү менен, коомдун руханий саламаттыгын аныктаган сапаттар.

Адамдын баасы канча лайк топтогону менен өлчөнбөйт. Анын кадыры — кылган эмгегинде, айткан сөзүндө, адамдык мамилесинде, башкаларга жасаган жакшылыгында.

Коомго бүгүн дагы бир хайп, дагы бир ызы-чуу, дагы бир жасалма жылдыз керек эмес. Коомго ойлуу адам, жоопкерчиликтүү жаран, сөзүнө бекем инсан, боорукер жүрөк керек.

Анткени лайк өчөт, хайп басылат, флештин таасири унутулат. Ал эми адамдын абийири, жасаган жакшылыгы, калтырган изи гана убакыт сынынан өтөт.

Бүгүнкү күндүн эң чоң чакырыгы — башкалардын көңүлүн бурууга эмес, өз абийириңдин алдында адам бойдон калууда. Кайда барсаң да, кайсы заманда жашасаң да, баалуулуктар миң бир ирет алмашпасын, “канткенде адам улуу адам болот” деген түбөлүк суроо күн тартибинде кала берет.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”.

 

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар