Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Малайзиянын өлкөдөгү жаңы дайындалган элчиси Рафедах бинти Абдул Азизди кабыл алды.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Медер Абакиров элчини жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын дипломатиялык ишмердиги эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Өз кезегинде Рафедах бинти Абдул Азиз ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырып, кыргыз-малай кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди колдоого даяр экенин белгиледи.
Тараптар саясий диалогду жандандыруу, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Кыргызстандын Президентинин Малайзияга болгон сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга көңүл бурушту.
Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташты.

