Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны көбөйдү

Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны көбөйдү

Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандардын саны өсүүдө. 16–22-ноябрь күндөрү өлкө боюнча бул илдеттердин 13 миң 386 учуру катталды.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына ылайык, бул көрсөткүч мурунку аптага салыштырмалуу 17 пайызга жогору. Анда 11 миң 439 учур катталган.

Ал эми 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу ооругандардын саны 2,5 пайызга өскөн.

Катталган учурлардын 67,1 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Бул 8 миң 967 учурга барабар.

Департамент өлкөдөгү КРВИ, сасык тумоо жана коронавирус инфекциясынын жайылышына жума сайын мониторинг жүргүзүп келет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар