Бүгүн, 24-ноябрында тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Армениянын Кыргызстандагы элчиси Армен Гевондян менен жолукту.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, сүйлөшүүдө Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун быйыл октябрда Арменияга жасаган расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери каралды.
Тараптар кыргыз-армян кызматташтыгын 2027–2029-жылдары өнүктүрүүгө багытталган Жол картасын аткарууга өзгөчө көңүл бурушту.
Мындан тышкары, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, жогорку деңгээлдеги алдыдагы жолугушуулардын графиги жана соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды. Анын ичинде транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Жолугушуунун соңунда тараптар көп тараптуу аянтчалардагы кызматташтыкты улантууга жана кыргыз-армян мамилелерин мындан ары чыңдоого даяр экенин билдиришти.

