Башкы беткеКоомАйыл чарбасындагы илимий мекемелерге 179 млн сомдук техника берилди

Айыл чарбасындагы илимий мекемелерге 179 млн сомдук техника берилди

Бүгүн, 24-ноябрда айыл чарба багытындагы эки илимий мекемеге жана алардын аймактык бөлүмдөрүнө жалпы 70 даана жаңы техника тапшырылды.

Жалпы баасы 178 млн 801 миң сомду түзгөн техникалардын 21и Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо жана багбанчылык департаментине, 49у Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтуна бөлүндү.

 

Техникалардын арасында тракторлор, комбайндар, үрөн сепкичтер, үрөн тазалоочу жабдуулар жана картошка отургузуучу, казуучу техникалар бар.

Жаңы техникалар илимий мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдап, үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн сапаттуу үрөн, көчөттөр менен камсыз кылууга багытталган.

Техника Дүйнөлүк банктын «Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү» долбоорунун алкагында сатылып алынган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар