Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаровдун аймактардагы сапарлары: Эл менен түз диалогго эксперттер кандай баа беришет?

Садыр Жапаровдун аймактардагы сапарлары: Эл менен түз диалогго эксперттер кандай баа беришет?

Президент Садыр Жапаровдун өлкө боюнча жети облуска жаз жана күз айларында жасаган иш сапарлары аймактардагы башкаруу системасы үчүн олуттуу сыноо болду. Бул сыноодон бир катар жетекчилер өтпөй калышты сыягы. Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен түз жолугушуулардын жүрүшүндө 1 672 адамдын көйгөйүн угуп, алар тарабынан жалпысынан 2 286 маселе көтөрүлгөн. Мындан тышкары, кошумча жазуу жүзүндө 4 967 кайрылуу келип түшкөн.

Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү айыл чарба жана жол маселелерине байланыштуу болуп, бул багытта 913 арыз түшкөн. Турак жай, жер жана мүлк маселелери боюнча 528, ал эми социалдык коргоо, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактары боюнча 495 кайрылуу катталган. Ошондой эле жарандар укук коргоо органдарынын жана прокуратуранын ишине (268), сотторго жана ырайым берүү маселелерине (241), жергиликтүү түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүнө (225), маданият, спорт жана туризм тармактарына (111) байланыштуу көйгөйлөрүн билдиришкен.

Садыр Жапаров аймактарга болгон сапарлары учурунда тургундар ыраазычылык билдирүү менен катар жер-жерлерде маселелер чечилбей, иштер создугуп жатканына байланыштуу көптөгөн даттанууларды да айтышканын белгиледи. Президент акимдер менен жергиликтүү жетекчилер өздөрүнүн ыйгарым укуктарына кирген маселелерди өз убагында чечпестен, жогору жактан көрсөтмө күтүп отурган көрүнүштү сынга алды. Анын айтымында, мындай мамиленин айынан жарандар айлап документтерин бүтүрө албай, юридикалык жардам ала албай, көйгөйүн чечип бере турган жооптуу адамдарды таба албай келишет.

Мамлекет башчысы ишти формалдуу пландаштыруу, райондордун жетиштүү деңгээлде өнүкпөй жатышы, өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын натыйжасыз пайдалануу, муниципалдык ишканаларга көзөмөлдүн начардыгы жана айыл чарба же экономикалык пайда алып келбей жаткан трансформацияланган жерлер маселелерине да өзгөчө көңүл бурду. Ушуга байланыштуу Садыр Жапаров ишинин майнаптуулугу төмөн мэрлер менен акимдерди кызматтан бошотууну сунуштады. Ал буга чейин жергиликтүү жетекчилердин ыйгарым укуктары кеңейтилип, айлык акылары жогорулатылганын эске салып, эми алардан кагаз жүзүндөгү жоопторду же иштеп жаткандай түр көрсөтүүнү эмес, конкреттүү натыйжаларды талап кылуу керектигин белгиледи.

“Мамлекеттик кызматтагы жетекчилер өзү менен өзү болуп, эптеп убакыт өткөрүп, жүрө бербей элге кызмат кылышы кажет. Тигил же бул мамлекеттик кызматтагы жетекчинин ишмердигинин негизги натыйжалары элибиздин жашоо шартынын кескин жакшырышынан байкалышы зарыл”, – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Кадрдык чечимдерди кабыл алуу жана келип түшкөн бардык кайрылууларды ар тараптуу талдоо менен катар президент улуттук программаларды мындан ары да ишке ашыруу багыттарын белгиледи. Алардын катарында өндүрүштү технологиялык жактан жаңылоо, чийки затты кайра иштетүү, атаандаштыкка жөндөмдүү продукция чыгаруу, аймактардын өнүгүү деңгээлиндеги айырмачылыкты азайтуу, жаңы административдик-аймактык бирдиктердин бюджеттик мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо жана шаарларды экономикалык өсүштүн борборлоруна айландыруу милдеттери бар.

“Кандай гана маселе болбосун элдин кызыкчылыгын көздөп, элдин пайдасына чечкенде гана ошол бийлик элге жакын болот.  Анын үзүрү азыр билинбегени менен бир убактарда биздин салган имараттарыбыз эмес, элге болгон жакындыгыбыз, элдин көйгөйүн чече билгендигибиз менен бааланат-баркталат”, – деди мамлекет башчысы.

Медиакоммуникация жана кайтарым байланыш: чет элдик эксперттин баасы

Кыргызстандагы саясий кырдаалга көз салып жүргөн грузиялык саясат таануучу жана медиаэксперт Малхаз Гагуа мамлекет башчысынын аймактардын тургундары менен түз диалог түзүүсү бийлик менен жарандардын ортосундагы байланышты бекемдеп, мамлекеттик башкарууну элге жакын жана жеткиликтүү кыларын белгилейт. Муну менен катар коомдогу көйгөйлөрдү ачык көрүүгө шарт түзүлөт. Эксперттин пикиринде, жарандар өз көйгөйлөрүн түздөн-түз айтууга мүмкүнчүлүк алып, тиешелүү министрликтер аларды бат чечсе, мамлекеттик институттарга болгон ишеним бекемделет. Мындай ыкма калктын муктаждыктарына ыкчам жооп берген башкаруу моделинин калыптанышына өбөлгө түзөт.

Ошол эле учурда Малхаз Гагуа мындай иш-чараларда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу өзгөчө экенин белгилейт. Анын айтымында, президенттин аймактарга болгон сапарлары журналисттерге жер-жерлердеги көйгөйлөрдү, жергиликтүү тургундардын ой-пикирин жана чыныгы окуяларды жеринен түз чагылдырууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок мындай диалогдун коомдук мааниси көтөрүлгөн ар бир маселенин кийинки чечилишине ЖМКлар жана коомчулук канчалык тыкыр көз салып турганынан көз каранды. Эксперттин пикиринде, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын текшерүүгө мүмкүн болгондо гана бир жолку жолугушуулар туруктуу коомдук саясаттын натыйжалуу куралына айланат.

«Медиаэксперт катары айтайын, мамлекет менен элдин ортосундагы натыйжалуу байланыш маалымат берүү менен гана чектелбейт. Ал элди уга билүүнү жана көтөрүлгөн маселелерге жооп берүүнү да камтыйт. Мындай форматтагы жолугушуулар коомдук диалогду бекемдеп, бийликтин ишмердүүлүгүнүн ачык-айкын жана жарандардын муктаждыктарына ыкчам жооп берген багытта жүргүзүлүшүнө негиз түзөт. Мындай ыкма бүгүнкү күндөгү натыйжалуу башкаруу принциптерине шайкеш келет жана коомчулук тарабынан да түшүнүктүү кабыл алынат. Ошондой эле ал мамлекеттик саясаттын туруктуу бөлүгүнө айлана алат», — деп белгиледи Малхаз Гагуа.

Системадагы мүчүлүштүкпү же адилеттүүлүккө болгон талаппы: Феликс Куловдун пикири

Президенттин дарегине мынчалык көп кайрылуулардын келип түшүшүнүн себептерине токтолгон Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйүнө берген маегинде мында эки жагдай айкалышканын белгиледи. Алардын бири — жарандардын президентке болгон ишениминин жогору болушу болсо, экинчиси — жергиликтүү бийлик органдарынын ишиндеги көптөн бери чечилбей келе жаткан кемчиликтер. Саясатчынын пикиринде, көйгөйдүн негизги себеби мамлекеттик башкаруу системасынын өзүндө. Анткени акимдердин, мэрлердин жана айыл өкмөт башчыларынын калкты түйшөлткөн маселелерди ыкчам чечүү үчүн жетиштүү ыйгарым укуктары жана өз алдынча каржылык мүмкүнчүлүктөрү жок. Кулов президенттин көптөгөн маселелерди жеринде чечип бериши элдин оң баасын жаратарын белгиледи. Бирок мамлекет башчысы аткаруу бийлигинин бардык баскычтарындагы жетекчилердин милдетин күн сайын өз мойнуна ала албай турганы түшүнүктүү.

Мурдагы премьер-министр аймактардын өз алдынча жана натыйжалуу иштешин камсыз кылып, маселелерди борбордук бийликтин түз кийлигишүүсү менен чечүү тажрыйбасынан баш тартуу үчүн институционалдык реформа жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Анын сунушуна ылайык, парламентти жана жергиликтүү бийлик органдарын түзүү принциптерин бөлүп кароо, ошондой эле бюджеттик системаны эки баскычтуу түзүмдөн үч баскычтуу системага: «республика — облус — жергиликтүү өз алдынча башкаруу» моделине өткөрүү керек.

Мындан тышкары, саясатчы президенттин тапшырмаларынын аткарылышына коомдук көзөмөл жүргүзүүнүн ачык-айкын механизмин түзүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, жарандар кайсы тапшырмалар аткарылганын, ал эми кайсылары дагы деле чечилбей жатканын көрүп турушу керек.

«Көрүнүп тургандай, президент көптөгөн маселелерди жеринде чечип берүүдө. Бул, албетте, жарандардын оң баасын жаратууда. Бирок мамлекет башчысы күн сайын жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү менен алектене албайт. Ошондуктан мындай жолугушуулардын жыйынтыгын оң баалоо менен бирге, мамлекеттик башкаруу системасынын өзүн да өркүндөтүү зарылдыгын моюнга алышыбыз керек», — деди Феликс Кулов «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйүнө берген маегинде.

Өкмөттүн мурдагы башчысы аймактарга болгон сапарлардын укуктук жана саясий өңүттөрүнө да токтолду. Ал мүлккө байланыштуу талаш-тартыштарды кароодо Конституцияда белгиленген бийлик бутактарынын тең салмактуулугу так сакталышы керектигин эскертти. Анын айтымында, мамлекет башчысы аткаминерлердин аракеттеринин мыйзамдуулугун текшерүүнү талап кылууга укуктуу, бирок көз карандысыз соттун ордуна чечим чыгара албайт. Ал эми коомчулукта мындай сапарлар 2027-жылдагы президенттик шайлоонун алдында жашыруун үгүт жүргүзүү болуп саналбайбы деген талкууларга Феликс Кулов төмөнкүдөй баасын берди.

«Учурдагы президенттин калк менен жолугушуусунун өзү эле шайлоо алдындагы үгүт болуп эсептелбейт. Бул анын Конституцияда белгиленген милдеттерин аткаруусу. Өткөн жолугушууларга карап айтсак, аларда шайлоого байланыштуу түз үгүт чакырыктары болгон жок», — деп сөзүн жыйынтыктады саясатчы.

Эксперт жана саясат таануучу Шерадил Бактыгуловдун пикири

Эксперт жана саясат таануучу Шерадил Бактыгулов «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйүнө берген маегинде президентке түз кайрылгандардын арасында аймактардын гана эмес, борбор калаанын тургундары да бар экенин белгиледи. Анын айтымында, жер-жерлердеги ар кандай деңгээлдеги жетекчилердин айрымдары өз милдетине кайдыгер мамиле кылып, мыйзамдарды жетиштүү билбегендиктен же жоопкерчилик алуудан чочулагандыктан, жарандардын көйгөйлөрү жылдап чечилбей келет. Саясатчынын пикиринде, жарандар маселесин чечүүгө жөндөмдүү, жоопкерчиликти өзүнө алуудан коркпогон жана мыйзам чегинде иш алып барган жетекчиге кайрылууга умтулушат. Ал эми Садыр Жапаровду жарандар дал ушундай жетекчи катары көрүшөт.

Ошол эле учурда саясат таануучу ар кайсы аймактарда бирдей мүнөздөгү кайрылуулардын көп болушу мыйзамдарда жана аткаруу тартибинде системалуу кемчиликтер бар экенинен кабар берерин белгиледи. Ошондуктан ар бир кайрылуу бардык жагдайлары эске алынуу менен каралат. Бирок мыйзам бузган айрым адамдар жоопкерчиликтен качууга аракет кылган учурлар да кездешүүдө.

Бактыгулов «кол менен башкаруу» деген түшүнүктү Кыргызстандын шартында колдонуу туура эмес деп эсептейт. Анын айтымында, өлкө чакан болгондуктан, президенттин жарандарды түйшөлткөн көйгөйлөрдү түздөн-түз чечүүгө умтулуусун ушундай мүнөздө кароого болбойт. Ал эми жергиликтүү бийлик органдарынын ишиндеги алсыздык акыркы отуз жылдагы реформалардын кесепеттери жана кадрлардын сапатына байланыштуу.

Анын баамында, 2021-жылдан тарта мамлекеттик башкаруу системасында өзгөрүүлөр байкалып, жетекчилер үчүн эл менен иштеше билүү биринчи орунга чыга баштады. Ошондой эле акимдердин жана мэрлердин арасында мамлекеттик кызыкчылыкты биринчи орунга койгон жетекчилер да пайда болууда. Саясат таануучу президенттин тапшырмаларынын аткарылышына токтолуп, коомчулуктун көңүлүн бурган маселелер ыкчам жана мыйзам чегинде чечилип жатканын белгиледи. Ошол эле учурда бардык деңгээлдеги жетекчилерге коюлган талапты күчөтүү зарыл экенин айтты. Анткени президент ар бир жарандын көйгөйүн жеке өзү чечүүгө жетише албайт.

«Жалпысынан алганда, президенттин тапшырмалары, айрыкча коомчулуктун көңүлүн бурган маселелер натыйжалуу, башкача айтканда, ыкчам жана мыйзамга ылайык аткарылууда. Башка калктуу конуштарда жашаган жарандарыбыз туш болгон көйгөйлөр да ушундай эле ылдамдыкта жана натыйжалуу чечилсе жакшы болмок. Бул жерде акимдерге жана шаар мэрлерине коюлган талап күчөшү керек. Тилекке каршы, президент ар бир кыргызстандыктын көйгөйүн чечүүгө жетише албайт. Башкаруу вертикалы дал ушул үчүн түзүлгөн. Ошондуктан кайсы кызматты ээлебесин, ар бир жетекчиден өзүнө жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы боюнча талап кылуу маселе бойдон калууда», — деп белгиледи Бактыгулов.

Адилеттүүлүктү калыбына келтирүү менен соттордун көз карандысыздыгынын ортосундагы тең салмактуулук маселесине токтолгон эксперт эң башкысы мыйзам иштеши керектигин белгиледи. Анын айтымында, президенттин жарандардын укуктары бузулган учурларга карата чара көрүүсү алардын укуктарын калыбына келтирүүгө багытталган. Бул мыйзам чегинде ырайым кылуу маселесин кароону да камтыйт. Айрыкча, адамга карата адилетсиз же жасаган жосунуна салыштырмалуу өтө катаал жаза колдонулган учурларда анын укугун коргоо маанилүү. Ал эми мыйзамдардагы жылчыктар тиешелүү мыйзамдарды жана жарлыктарды кабыл алуу аркылуу толукталат.

Пландан тышкаркы каржылоо маселесине байланыштуу Бактыгулов бюджеттик каражаттар мыйзамдардын негизинде бөлүнөрүн, бирок ыкчам чечимдерди кабыл алуу үчүн Президенттик фонд, Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фонду, аймактарды өнүктүрүү фонддору жана Турукташтыруу фонду бар экенин белгилейт. Бул каражаттар мыйзамдуулук, реалдуу муктаждык, мамлекеттик кызыкчылык жана коомго тийгизе турган пайда эске алынуу менен пайдаланылышы керек. Ал эми күнүмдүк ишмердүүлүк менен шайлоо алдындагы иш-аракеттердин айырмасына токтолгон саясат таануучу президенттин аймактарга болгон сапарларын «саясий туризм» эмес, жер-жерлердеги абалды текшерүүгө багытталган иш сапарлар катары мүнөздөдү. Анын белгилешинче, бул жолугушууларда талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүт жүргүзүлбөйт. Тескерисинче, карапайым жарандар мындай сапарларды аймактарга жана жергиликтүү калкка болгон чыныгы көңүл буруунун белгиси катары кабыл алышат.

«Президент Садыр Жапаров кызматка киришкен алгачкы күндөрдөн тартып эле аймактарга иш сапарлары менен чыгып келет. Бул сапарлар “саясий туризм” эмес, жер-жерлердеги абалды текшерүүгө багытталган иш сапарлар болуп саналат. Башкача айтканда, бул — объектилердин абалын, аткарылып жаткан иштердин жүрүшүн жана белгиленген ченемдер менен талаптардын сакталышын текшерүү, көзөмөлдөө жана баалоо максатында уюштурулган иш-чаралар», — деп белгиледи Шерадил Бактыгулов.

Жыйынтык: башкаруу вертикалынын туруктуулугу сыналууда

Садыр Жапаровдун өлкөнүн жети облусуна жасаган иш сапарлары бийлик менен элдин түз диалогу коомдогу маанайды аныктоонун негизги көрсөткүчү бойдон калып жатканын, ошол эле учурда жер-жерлердеги башкаруу системасынын алсыз жактарын да ачыкка чыгарып жатканын көрсөттү. Миңдеген кайрылуулар жана натыйжасыз иштеген шаар мэрлери менен акимдерди кызматтан алуу боюнча катуу тапшырма маселени жөн гана эскертүү менен чектелбестен, кадрдык өзгөрүүлөргө өтүү зарылдыгын жаратты.

Ал эми башкаруу системасы үчүн негизги сыноо — жергиликтүү бийлик жогору жактын тынымсыз кийлигишүүсүз өз алдынча иш алып барып, жыйынтыгы үчүн жоопкерчилик ала алабы деген суроону күн тартибине чыгарды. Ошол эле учурда социалдык тармактарда Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн жарандары да мындай байланыш форматына оң баа берген пикирлерин жазып жатышат. Алар президенттин ачык-айкын иш алып барып, эл менен түз диалогго даяр экенин белгилеп, бул тажрыйбаны башка мамлекеттерге да үлгү катары көрсөтүшүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар