Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүл жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөр кирди. Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаевге кошумча укуктар берилди. Эми Бакыт Төрөбаев мамлекет башчысынын жарлыктарынын, буйруктарынын жана айрым тапшырмаларынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт, тармактык ири долбоорлорду ишке ашырууну көзөмөлдөйт. Андан тышкары, атайын өкүл министрликтерге, мамлекеттик органдарга өзүнө жүктөлгөн милдеттердин алкагында тапшырмаларды берет, аймактарда эл менен жолугушууларды өткөрөт, жер-жерлерде мамлекеттин саясаттын ишке ашышына көз салат. Ошентип өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлдүн ыйгарым укуктары кеңейип, бийлик системасында таасирлүү институтка айланып отурат.
Атайын өкүл институту чет өлкөлүк тажрыйбада эң кеңири кездешкен институт. Глобалдык эл аралык уюм болгон БУУнун, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, Евробиримдиктин ар кандай маселелер боюнча атайын өкүлдөрү бар. Атайын өкүлдөр көп мамлекеттердин бийлик структурасында да кеңири кездешет. Алар дайыма иштеген туруктуу мүнөзгө ээ. Айрым учурларда тигил же бул маселе боюнча утурумдук атайын өкүлдөр да дайындалышы мүмкүн. Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү эске албаганда, Кыргызстанда атайын өкүл институту жаңы көрүнүш. Садыр Жапаров бул тажрыйбаны алгачкылардан болуп колдонгон президент. Кырдаалга жана биздин өлкө үчүн актуалдуу маселелер, долбоорлор боюнча атайын өкүлдөр дайындалып, иштей баштаганына күбө болуудабыз.
Тоолуу өлкөнүн өкүлү
Кыргызстан эл аралык анын ичинде тоо маселелери боюнча эл аралык ири демилгелердин ээси. Ынтымак Ордо 2027-жылы глобалдык Тоо саммитин Бишкекте өткөргөнү турат. Тоо экосистемаларын коргоонун, климаттык жана финансылык платформалардын алкагында эл аралык кызматташтыктын келечеги экологиялык долбоорлорду, анын ичинде илбирсти сактоону алга жылдыруунун, тоо продукциясын илгерилетүүнүн жана тоо экосистемаларын коргоонун практикалык аспектилери боюнча эл аралык жана регионалдык, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты майнаптуу жүргүзүү үчүн Президент Садыр Жапаров Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлүн дайындаган эле. Президенттин тоо дипломатиясы боюнча өкүлү Динара Кемелова “Бишкек+25” Тоо саммитинин ишине дүйнө лидерлеринин жана эл аралык уюмдардын кеңири катышуусун камсыз кылуудан тартып, тоо экосистемасына байланышкан түрдүү долбоорду ишке ашыруу максатында көп жана эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүүдө. Тоолор боюнча атайын өкүл Кыргызстан демилгелеген же тоо экосистемасына байланышка иш-чараларда биздин өлкөнүн атынан жигердүү катышууда.
Санкцияларга флешмоб мамиле жарабайт
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковду санкциялык саясат боюнча атайын өкүл кылып дайындады. Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын макамы кошо берилди. Сыдыков мамлекеттик органдарга түз буйрук берүү жана эл аралык деңгээлде Кыргызстандын атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болот. Бул чечим Бишкектин эл аралык санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана батыш өлкөлөрү киргизген чектөөлөрдүн улуттук экономикага тийгизген терс таасирин азайтуу аракети катары бааланууда. Министр Бакыт Сыдыковго атайы өкүл катары Кыргызстандын улуттук экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, эл аралык санкцияларды айланып өтүү тобокелдиктерин алдын алуу жана чет өлкөлүк өнөктөштөр, каржы институттары менен бирдиктүү позицияда иш алып баруу милдети жүктөлөт. Акыркы жылдары Украинадагы согушка байланыштуу Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы киргизилген санкциялардын сакталышын катуу көзөмөлгө алып келет. Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан да “санкциялык товарларды реэкспорттоо” жана чектөөлөрдү айланып өтүүгө көмөктөшүү коркунучу бар аймак катары эл аралык байкоочулардын жана АКШ менен Евробиримдиктин өкүлдөрүнүн көңүл борборунда турат. Туруктуу сүйлөшүүлөргө, европалык өнөктөштөр менен үзгүлтүксүз сапарлардын алмашуусуна, ошондой эле Европа Комиссиясынын талаптарына ылайык суралган бардык документтештирилген маалыматтардын өз убагында берилишине карабастан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтар да берилгенине карабай, кыргыз тараптын позициясы мурдагыдай эле эске алынбай, иш жүзүндө көңүл сыртында калып жатканы проблема. А проблеманы чечиш керек. Ушул контексттен караганда, эксперттердин айтымында, санкциялык саясат боюнча атайын өкүл дайындоо туура чечим, анткени санкциянын демилгечилери жана субъекттери менен тынымсыз жана дайыма, аргументтүү сүйлөшкөн, ыйгарым укуктарга ээ кызмат адамы керек, флешмоб мамиле жарабайт.
Кыргызстан – дүйнөлүк акыл-ойдун чордону болууга умтулат
Азыркы мамлекеттик катчы Арслан Койчиевге ал Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси кезинде эле Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ысык-Көл эл аралык форумун» даярдоо жана өткөрүү боюнча атайын өкүлүнүн статусу ыйгарылган. Арслан Капай уулуна чет өлкөлүк өнөктөштөрдү, эл аралык уюмдарды, чет элдик маданияттын, искусствонун, илимдин кадыр-барктуу өкүлдөрүн, коомдук ишмерлерди, иштин башка чөйрөлөрүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүн жогоруда аталган форумга чакыруу жана алардын катышуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча тиешелүү иш-чараларды координациялоого ыйгарым укук берилген. Атайы өкүл бул учурда да абдан керектүү институт. Президент Садыр Жапаровдун 2-августагы № 256 Жарлыгы менен улуттук жана эл аралык деңгээлдеги чакырыктарга жооп издөө, глобалдык маселелерди талкуулоо жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында Чыңгыз Айтматовдун Ысык-Көл шеринесинин 40 жылдыгына тушташ юбилейлик Ысык–Көл эл аралык форумун өткөрүү белгиленген. Быйыл 18-20-июнда Бишкекте жана Ысык-Көлдө өтө турган интеллектуалдардын бүткүл дүйнөлүк жаңы шеринеси – реалдуулук жана муктаждык. Бул Кыргызстан дүйнөлүк маанидеги демилгелердин жана изги окуялардын ородосу болууга астейдил ниетинин бир көрүнүшү.
Дүйнөнүн чар тарабынан таанымал интеллектуалдар чакырыла баштады, алды макулдугун берип жатат. Маселен, Нобель сыйлыгынын лауреаты, Кытайдын жазуучусу Мо Янь, дүйнөгө таанымал англис тарыхчысы, Жибек жолу тууралуу орошон эмгектин автору Питер Франкопан, түрк дүйнөсүнүн аксакалы, белгилүү жазуучусу Анар Рзаев, президент В. Путиндин атайы өкүлү, окумуштуу Владимир Мединский сыяктуу үлкөн адамдар, ар түрдүү мамлекеттерден сексенден ашык өкүл форумга катышууга ынтызарлыгын билдиришти.
Эл аралык демилгелерибиздин деми суубасын
27-апрелде Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы жаңы элчиси Эдил Байсаловду кабыл алып, ага эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүл милдетти кошо тапшырды. Бул өкүлдүн да аткара турган милдети арбын. Кыргызстан эл аралык демилгелерди көтөрүп келген. Бир тобу ийгиликтүү ишке ашкан. Маселен Эл аралык тоо жылы. Кезегинде бир топ демилгелер эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруп, бирок ишке ашпай калган учурлар да жок эмес. Мисалы, Кыргызстандын “Фергана – тынчтыктын өрөөнү”, “Улуу Жибек жолунун дипломатиясы” сыяктуу демилгелери чоң колдоо таап, бирок системалуу иштин жоктугунан арабөк калган же башка мамлекеттер тарабынан башка өңүттө ыктуу пайдаланылып, алардын атынан ишке ашууда.
Улут лидери Садыр Жапаровдун бүткүл дүйнөлүк уюмдун трибунасында көтөргөн демилгеси ири алдыда биздин өлкөдө кубаттоого алынып, жүзөгө ашууга тийиш. Маселен, Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө (23-сентябрь, 2025-ж.) жаштар арасында тынчтык идеясынын баалуулугун бекемдөөнү демилгелеген: “Жаш муундарды өзөктүк куралсыз дүйнөнү кабылдоого тарбиялашыбыз керек! Жаш муундардын арасында массалык кыргын салуучу куралдарды колдонуунун кыйратуучу кесепеттери жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Кыргыз тараптын демилгеси менен жана БУУга мүчө мамлекеттердин колдоосу аркылуу Куралсыздануу боюнча эл аралык агартуу күнүнүн концепциясын ишке ашыруу эң сонун аянтча болмок”. Президенттин демилгесинин актуалдуулугу талашсыз жана соңку мезгилде ого бетер мааниси артууда.
“Кыргыз Туусу” мамлекет башчысынын ушул демилгесин жайылтуу, колдоо жана майнаптуу ишке ашыруу маселелерине арналган илимий-практикалык конференцияны апрель айында Улуттук университет менен бирдикте өткөрүүнү мерчемдөөдө.
Ошентип, Ынтымак Ордодон тышкы коомчулукка сунушталганг идеяларды, Бишкектин эл аралык демилгелерин жерде калбай, жүзөгө ашыруу үчүн атайын өкүл институту ургаалдуу, комплекстүү иштемеги абзел.
Алмаз Окин, “Кыргыз Туусу”

