Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин классикалык адабий жана эпикалык мурастарды кеңири жайылтууга, жаштарда туруктуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды, жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга жана улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөгө багытталган мамлекеттик социалдык буюртмасынын «Кыргыз адабиятынын каармандарынын образдарын чагылдыруу» долбоорунун алкагында академик Осмонакун Ибраимовдун “Арстанбектин арманындагы” акындын образы жана ал жашаган доор тууралуу сөз кылсакпы деп турабыз.
Улуттук адабиятыбызда тарыхый инсандар, анын ичинде улуттун руханий угутун, көрөңгөсүн алып жүрүүчүлөр: ырчылар, өнөр адамдары тууралуу чыгармалар саналуу эле. Дың бузган чыгармалар катары Жоомарт Бөкөнбаевдин “Токтогул” драмасын, Аалы Токомбаевдин бүтпөй калган “Токтогул” романын, Самсак Станалиевдин Жоомарт Бөкөнбаевдин өмүрүнө жана чыгармачылык жолуна арналган “Жылдын эң узак күнү” романын, Эркалы Өскөналиевдин “Кудай сүйгөн Куйручук” романын, Элүүбай Отунчиевдин “Жеңижок” үчилтигин айтсак болот.
Жоомарт Бөкөнбаев тоо булбулу Токтогулдун чыгармаларын эл оозунан жыйноого, аларды иретке келтирип, китеп чыгарууга, ырчынын өмүрү жана чыгармачылыгын иликтөөгө өмүрүнүн көп жылын коротконун эске алсак, “Токтогул” чыгармасы – анын улуу акынды идеалдаштырууга жасаган аракеттердин логикалык уландысы катары карасак болот.
Кыргыз совет адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири Аалы Токомбаевдин “Токтогул” романы тууралуу айтсак, бул бүтпөй калган чыгарма. Журналдык варианты 1955-жылы чыгып, кийин ал “жазуучунун 1972–1973-жылдары жарык көргөн үч томдук чыгармалар жыйнагына алгач ирет киргизилген”. Филология илимдеринин доктору, Жусуп Баласагын Кыргыз улуттук университетинин профессору Курманбек Абакиров: “Бүтпөй калганына карабай “Токтогул” романын А.Токомбаевдин прозасындагы эң мыкты чыгармалардын катарына кошууга болот” деп белгилей келип: “Кыскача айтканда, мына ушундай көркөм-эстетикалык нарктуулугу менен (айрым майда мүчүлүштүктөрдү эске албаганда) “Токтогул” романы кайталангыс жагымдуу таасир берет да, кыргыз адабияты классикага айланчу дагы бир чыгармадан кур калган экен деген ойго келесиң. Ушунчалык жакшы башталыш акырына чыкпай калганына өкүнөсүң. Ошентсе да, романдын колубуздагы бөлүмдөрү деле каниет кылууга толук жарайт. Дегеле, бул романы менен А.Токомбаев түгөнбөс материалдык байлык жаратпаса да, элибиздин рухун бекемдеп, чыңдаган, жандүйнөсүн байытып, аны үзгүлтүксүз азыктандырып, алга сүрөп, күч-кубат, дем берип келген адамдарды, алардын көч башында турган өнөрү көөнөрбөс адамдарды залкар инсан Токтогулдун мисалында даңаза кылгысы, ал аркылуу кыргыз элинин кылымга тете турмуш-тирлигинин көркөм картинасын жаратууну көздөгөн жана бул максатка жетүүнүн ишенимдүү жолуна чыккан. Муну А.Токомбаевдин Токтогулга көрсөткөн таазим-урматы деп түшүнсөк болчудай” дейт. Ырасында, Аалыкенин “Токтогулу” да тоо булбулун идеалдаштыруудан алыс узай алган эмес.
Самсак Станалиевдин “Жылдын эң узак күнү” – тарыхый-биографиялык роман. Анда Жоомарт Бөкөнбаевдин өмүр жолу, оор доордогу тагдыры, чыгармачылык изденүүлөрү жана анын трагедиялуу өлүмү көркөм баяндалат. Эркаалы Өскөналиевдин “Кудай сүйгөн Куйручук” даректүү-көркөм роман / санжыра-баяны кыргыз элинин атактуу чечени, олуясы жана сынчысы Куйручуктун өмүр жолуна, тагдырына, айткан нускалуу сөздөрүнө жана аңыз-кептерине негизделген. Автор Куйручук тууралуу эл оозунда сакталган уламыштарды, анекдотторду, анын бай-манаптарга, молдолорго жана калыс эмес башкаруучуларга карата айткан курч тамашаларын терең изилдеп, тутумдаштырып, көркөм проза түрүнө келтирген. Жазуучу Куйручукту жөн гана элди күлдүргөн куудул катары эмес, элдин психологиясын, ички дүйнөсүн терең билген акылман (олуя), адилеттүүлүктү туу туткан ачуу чындыктын ээси катары сүрөттөйт. Чыгармада Куйручуктун тапкычтыгы («Оо, бул Куйручуктун кылбаганы калбады!» дедирген окуялары), анын жука юмору, кедей-кембагалдар тарабында болуп, социалдык теңсиздикке каршы куудулдук курч куралы менен күрөшкөнү ачып берилет. “Жылдын эң узак күнү” менен “Кудай сүйгөн Куйручук” романдарында Жоомарт менен Куйручук идеалдаштырылбай, турмуш чындыгы кандай болсо, дал ошондо берилгени менен баалуу.
Жазуучу Элүүбай Отунчиев “Жеңижок” үчилтик романында залкар ырчынын өмүрү жана чыгармачылыгына кайрылып, анын образын ар тараптуу ачууга бүткүл күчүн жумшаганын айтып коюубуз абзел. Адабиятчы Бекташ Шамшиев “үчилтик роман улуу акындын өмүр жолуна арналганын, чыгармада Жеңижок акындын балалык оор турмушунан тартып көзү өткөнгө чейинки турмушу кыргыз элинин XIX кылымдын экинчи жарымынан ХХ кылымдын башына чейинки тарыхы менен байланышта сүрөттөлгөнүн” белгилеген. Бирок, Э.Отунчиевде да Жеңижокту акын катары, адам катары идеалдаштыруу арбын, айрым учурда өз каарманын “айтышарга теңи жок” акын кылам дебатып, каратып туруп, тарыхый фактыларды бурмалоого барган.
Мына дал ушундай, ийгилик-кемчиликтерине карабастан, улуттук адабиятта азбы-көппү уңгулуу таланттар, залкар ойчулдар тууралуу көркөм туунду жаратуу багытында тажрыйба бар экени талашсыз. Арийне, бул багытта канчалык тажрыйбалар болбосун, өз доорунун залкар адамы тууралуу чыгарма жаратуу оңой-олтоң иш эмес экенин, бул өтө чоң жоопкерчиликти талап кыларын эч ким жокко чыгара албайт. Ушул өңүттөн алганда, академик Осмонакун Ибраимов залкар акын, ойчул, «замана» агымынын көрүнүктүү өкүлү Арстанбек Буйлаш уулунун өмүрүнө, тагдырына жана чыгармачылыгына арналган “Арстанбектин арманы” чыгармасын жаратууга өтө чоң жоопкерчилик менен мамиле кылып, чоң даярдыктар менен келген экен десек болот. Ал оболу адабиятчы катары ырчынын өмүр жолуна жана чыгармачылык тагдырына кайрылып, адабий иликтөө иштерин жүргүзүп, “Тарыхты өзгөрткөн тагдырлар: ырчы Арстанбек” макаласын арнаганы белгилүү. Окумуштуу анда: “атпай кыргызга аттын кашкасындай таанылып, ар бир сөзү ооздон оозго өтүп, тирүү кезинде калк кастарлаган легендага айланган залкарлардын бири ак таңдай ырчы Арстанбек болгон экен. Эки Нарындын ортосундагы Ийри-Суу деген жерде 1824-жылы туулуп, болгону 54 жаш өмүр сүрүп, бирок Арстанбек ырчынын кыска өмүрү кыргыз тарыхынын эң эле татаал, эң эле бурулуш учуруна туш келиптир. Бурулуш деген себебим, элибиздин эч кимге күнкор болбой, ээн-эркин жашаган Алтын доору дал ошол Арстанбектин заманында, 19-кылымдын экинчи жарымында аягына чыгып, кыргыз элинин тагдыры бычак мизинде, кыл үстүндө калган мезгил эле” деп келип, “Кокон хандыгы Орусия империясынын кысымы алдында кум-жам болуп, “өңү сары, көзү көк орус” Кыргызстанга чууруп келе баштаган кез болчу. Доор алмашып, кырк уруу кыргыз эли эл болуп жашап калабы же зор империянын таманы астында кумдай ушаланып, жок болуп кетеби деген суроо кырынан коюлган кез болчу.
Атасы Буйлаш тынымсейит уруусунан чыккан, мүлдө Нарынга белгилүү болуш болсо да, Арстанбек байбичеден эмес, токолдон туулганы үчүн бир аз четке сүрүлүп, койчу менен жылкычынын, карапайым калктын арасында өсүп-чоңойгон экен. Балким ошон үчүн да жаштайынан ар нерсеге сезимтал болуп, эл эмне экенин, журт эмне экенин эрте туюнса керек. Ошон үчүн жаштайынан Кокон бийлигинин ийри кылычын да, Орус императорлугун сунган мылтыгын да караманча кабыл этпей, элдин санаасын санап, калайык-калк деп кабатырланып жүрүп, элдин зарын зарлап, журттун тагдырын ырдап жүрүп өтүп кеткен экен Арстанбек ак таңдай” деп жазат. Демек, О.Ибраимов Арстанбек тууралуу көркөм чыгарма жаратууга чоң даярдыктар менен келгени түшүнүктүү.
Окумуштуу “Арстанбектин арманы” китебинин жанрын тарыхый новеллалар деп аныктаган. Чындыгында эле, аталган чыгарма бир бүтүн роман же классикалык өмүр баян эмес, бири-бири менен тыгыз байланышкан, бирок өз алдынча сюжети бар тарыхый новеллалардан турат. Анда автор документтерге, архивдик материалдарга жана эл оозундагы тарыхый фактыларга таянып, көркөм ой жүгүртүү аркылуу каарманынын образын ачат.
Чыгармада кеңири жана ачык жазылган эпизоддор болбосо да, XIX кылымдын экинчи жарымындагы кыргыз элинин башынан өткөргөн оор социалдык-саясий бурулуштары, орус империясынын колониялык саясатынын күчөшү жана ошол доордун катаал чындыгы кыйыр түрдө чагылдырылат.
Автор Арстанбек Буйлаш уулун жөн гана ырчы катары эмес, өз доорунун көйгөйлөрүн алдын ала сезген олуя, философ жана кыргыз элинин рухий дөөлөтүн сактап калууга аракет кылган трагедиялуу инсан жана акын катары сүрөттөйт.
«Арстанбектин арманы» аталышы акындын жеке гана башынан өткөргөн кайгы-капасы эмес, бүтүндөй бир көчмөн элдин тар заманга кептелиши, элдин биримдигинин бузулушу жана келечек үчүн тынчсызданган улуттук зар-муңы болуп саналат.
Осмонакун Ибраимов илимий изилдөөлөрүнүн жана адабий тажрыйбасынын негизинде совет мезгилинде «реакциячыл» деп тыюу салынып келген же көмүскөдө калган «замана» агымынын өкүлдөрүнүн, асересе Арстанбектин мурасын жаңыча көз карашта баалоого чоң салым кошкон.
Чыгарманын тили бай, көркөм кара сөз менен философиялык маанайда жазылып, окурмандарга XIX кылымдагы кыргыз коомунун психологиясын жана рухий дүйнөсүн терең сезүүгө мүмкүндүк берет.
Академик Осмонакун Ибраимов “Арстанбектин арманы” чыгармасында ырчы жашаган доорду, андагы көчмөн элдин алкеш-чалкеш жашоосун, акындын тирүүлөй жетимдик тагдырын, акын катары келип чыгышын, калыптанышын, адам катары өсүп жетилишин, көз караштарынын бекемделишин ошол мезгилдин реалдуулугунан жана турмуш чындыгынан алыстатып салбай, башка акын-жазуучуларыбыздын чыгармаларындагы Токтогулдун жана Жеңижоктун образдарына окшоштуруп, Арстанбектин ырчылык жана адамдык тагдырын таптакыр эле идеалдаштырып ийбей, жетик көркөм интерпретациялаганын таланттуу окумуштуунун жазуучу катары ийгилиги катары белгилеп койсок болот. Мунун бирден бир себеби, ал адабиятчы катары адабият алптарынын образдарын ашырбай да, кемитпей да сүрөттөө керектигин жакшы билет жана өзү да мына ушул принципти кыйшаюусуз карманган. Ушул өңүттөн алганда, өнөр адамдары тууралуу көркөм чыгарма жазам деп жүргөндөр үчүн “Арстанбек арманы” үлгү болчу чыгарма жаралган эч коркпой эле айта берсек жарашат.
Ушул жерден жазуучулар журтчулугу үчүн айта кетчү нерсе, Арстанбек ашөпкө даңазалоого, идеалдаштырууга муктаж болбогондой эле, Токтогул, Жеңижок да курулай эле идеалдаштырып, кургак эле актап, жактап, же мактоого муктаж эмес. Аларды даңазалоо, кадыр-баркын көтөрүү, аброюн арттыруу үчүн аларга каршы Арзымат, Эсенаман ырчыларды каршы коюп, өнөр адамдарынын “терс образын” түзүп зарылдыгы жок. Тилекке каршы, Ж.Бөкөнбаев, А.Токомбаевде Токтогул, Э.Отунчиевде Жеңижок бир беткей идеалдаштырып калгандыктан, мунун өзү өз кезегинде соцреализмдин талаптарына жооп бергени менен, алардын даңазасын арттырбай эле, тескерисинче кемитип турат.
А О.Ибраимовдун “Арстанбектин арманы” андай “илдеттен” алыс . Мына ушунусу менен ал тарыхый инсандарга, анын ичинде улуттун руханий түркүгү болгон адамдардын образына кандай астейдил мамиле жасоо керектигинин үлгүсү боло ала турганын дагы бир кайталап белгилеп койгубуз келет.
Адабият тарыхында атасы Буйлаш Арстанбекти өгөйлөп, жеригени айтылат. “Арстанбектин арманында” да турмуштун ошол чындыгы бурмаланып, атасынын эң жакшы көргөн уулу катары сүрөттөлбөй же ашкере көркөмдөштүрүлбөй, ошол турушунда ачуу берилет: “…аты Арстанбек болгону менен атасы Буйлаш аны иттин күчүгүнө теңебей, салбар атыктырды”. Караңызчы, ата менен баланын образы кандай көркөм чеберчилик менен ачылган. Арийне, болочок акындын арманы – анын тирүүлөй жетим өскөндүгү эмес. Ал атасынын “жаман” атыктырганын да, жасаган мамилесин да, баарын кечирет, баарын унуткарат. Тескерисинче, мунун баары аны курчутат, анын чыйрак өсүп, эрте жетилгенине, мүнөзүнүн жетик, көңүлүнүн тетик болуп, жеке керт башынын гана эмес, эл камын ойлогон, келечекке кыраакы баамын салган инсан болуп көз карашынын калыптанышына таасирин тийгизет.
Азиз Биймырза уулу “Арстанбек феномени жана кыргыз адабиятындагы руханий лидер концепциясы” макаласында: “Чыгармада Арстанбек жөн гана ырдаган акын эмес, элдин тагдырына күйгөн ойчул катары көрүнөт. Муну автор айрым эпизоддор аркылуу өтө таасирдүү берет. Маселен, кыргыз урууларынын ортосундагы кагылышуу тууралуу кабарды уккан учурдагы акындын ички абалы мындайча сүрөттөлөт: «Бугулар менен сары багыштар кырылышып атат, биринин канын бири төгүп… ушул жамандыкты кулагым укпай, көзүм көрбөсө деп тиледим эле, тилегим таш капты». Бул саптарды окуганда жөн гана тарыхый окуяны эмес, бүтүндөй элдин трагедиясын сезесиң. Автор акындын жүрөгү аркылуу доордун оор абалын көрсөтөт. Ошол эле учурда бул эпизод чыгарманы философиялык деңгээлге көтөрүп турат” деп жазат. Андан ары «Арстанбек азыр элдин кишиси, журттун сыймыгы… ар бир сөзүн өзгөчө куштарлык менен тыңшаган атактуу акын, колунда сыйкыры бар комузчу» деп жазуучуну мисал тартып, автор Арстанбекти “жөн гана талант эмес, элдин руханий таянычы болуп калган инсан катары сүрөттөгөнүн” белгилеп: “Арстанбектин арманы эмне болгон? Автор бул суроого түз жооп бербейт, бирок тексттин ичинен аны сезүүгө болот. Бул арман – элдин биримдиги, адилеттүү коом, келечек тууралуу ой. Башкача айтканда, бул жеке адамдын эмес, бүтүндөй улуттун арманы. Эл эртеңи, тарыхый бурулуштар, Кокон доорунан кийинки оор мезгил, оторчулуктун оңтойсуз оюндары – мунун баары акындын ички дүйнөсү аркылуу берилет. …Автор Арстанбек образын жөн гана өнөрпоз деңгээлинде калтырбайт. … бул чыгарма акынды өнөр адамы катары гана эмес, руханий лидер, ал тургай мамлекеттик масштабдагы ойчул катары караган жаңыча концепцияны сунуштайт.
Бул жагынан алганда Арстанбек феномени өзүнчө түшүнүк катары көрүнөт. Анын феномени – талантта гана эмес, элдин тагдырына жоопкерчилик менен караган акылмандыкта” деп “Арстанбектин арманындагы” академик Осмонакун Ибраимовдун адабиятчы окумуштуу эмес, жазуучу катары табылгасын окурманга ачып берет.
“… автор бир адамдын өмүрүн гана жазган эмес. Ал ошол доордун руханий абалын көрсөтүүгө аракет кылган. Эл ичиндеги тирешүү, тарыхый өзгөрүүлөр, коомдук аң-сезим – мунун баары чыгармада бир бүтүн картина катары көрүнөт. Ошондуктан «Арстанбектин арманы» тарыхый чыгарма болуу менен бирге интеллектуалдык прозага да жакын турат.
… бул китепте бир эле акындын өмүрү баяндалбайт. Бул жерде бир доор, бир эл, бир тагдыр жөнүндө сөз жүрөт. Автор тарыхты жөн гана айтып бербестен, аны түшүндүрүүгө аракет кылат. Мына ушундай жагдай чыгарманын баалуулугун арттырат.
Менимче, «Арстанбектин арманы» – акыркы жылдары кыргыз адабиятында жарык көргөн маанилүү эмгектердин бири. Бул чыгарма Арстанбек сыяктуу улуу инсандын образын жаңыча көз караш менен ачып, кыргыз тарыхый прозосунун мүмкүнчүлүгүн кеңейтти деп айтууга негиз бар” деп жазат Азиз Биймырза уулу.
Биз да Азиз Биймырза уулунун ойлоруна кошулабыз. Осмонакун Ибраимовдун «Арстанбектин арманы» чыгармасы залкар акын, кеменгер олуянын өмүр жолун баяндаган тарыхый чыгарма гана эмес, XIX кылымдагы кыргыз коомунун турган-турпатын, андагы аталар жана балдар көйгөйүн, руханий дүйнөсүн жана тарыхый бурулуштарын көркөм аңдоого жасалган олуттуу аракет. Ал Арстанбек Буйлаш уулунун образын ашкере даңазалап, кемчиликсиз каарманга айландырбай, аны өз доорунун карама-каршылыктарын башынан кечирген, элдин келечегине тынчсызданган, тагдырдын оор сыноолору аркылуу калыптанган карапайым эл арасынан чыккан адам катары көрсөтөт. Анын жеке арманы бара-бара бүтүндөй элдин арманына айланып, чыгарманын философиялык өзөгүн түзөт.
Чыгарманын башкы көркөм табылгасы да ушунда: Арстанбектин тагдыры аркылуу жазуучу адам менен доордун, акын менен элдин, тарых менен руханий эс тутумдун ажырагыс байланышын ачып берет. Арстанбек бул жерде өткөн замандын гана өкүлү эмес, улуттун биримдиги, эркиндиги жана келечеги жөнүндө ойлонууга түрткү берген руханий инсан катары көрүнөт.
Ошондуктан «Арстанбектин арманынын» баалуулугу тарыхый инсандын образын көркөм чагылдыруу менен эле чектелбейт. Чыгарма улуттук адабияттагы тарыхый инсандарды сүрөттөөнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, көркөм адабияттын алдында турган маанилүү бир маселени эске салат: элдин улуу адамдарын даңазалоонун эң ишенимдүү жолу — аларды идеалдаштыруу эмес, адамдык табиятын, ички карама-каршылыктарын, тагдырын жана доор алдындагы жоопкерчилигин чындыкка таянып ачып берүү. Ушул жагынан алганда, Осмонакун Ибраимовдун «Арстанбектин арманы» чыгармасы тарыхый эс тутумду жаңырткан, улуттук руханий мураска болгон көз карашты тереңдеткен жана кийинки муундарды өз тарыхы жөнүндө ой жүгүртүүгө чакырган көркөм туунду катары өз ордун таба алат.
Осмонакун Ибраимов «Арстанбектин арманы» аркылуу кыргыз прозасына жаңыча концептуалдык көз карашты алып келди. Чыгарманын новеллалык курулушу, архивдик документтер менен эстетикалык ой жүгүртүүнүн синтези, ички монологдор менен социалдык-саясий баамдоолордун тереңдиги аны интеллектуалдык прозанын катарына ишенимдүү кошот.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”



