Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат жаатындагы мамлекеттик социалдык буюртмасынын алкагында залкар жазуучу, кыргыз тарыхый романистикасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Төлөгөн Касымбеков “Сынган Кылыч” романындагы башкы каармандардын бири Пулат ханга кайрылабыз.
Орто Азиянын соӊку тарыхында татаал шартта, опурталдуу кырдаалда өтө кызыктуу жана чечүүчү роль ойногон, ушул аймактын тагдырын аныктаган саясий, согуштук окуялардын негизги каармандарынын бири Болот хан. Чыныгы аты Ыскак (Ицхак יצחק, башкача аталышы Исаак, иврит тилинде – жайдары) Асан уулу, тарыхый инсан. Ал 1844-жылы азыркы Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Охна айылында туулган. Охна өрөөнүнөн эки мыкты инсан – бири Ыскак Асан уулу Болот хан атанып, кыргыз уруу башчылары өз мамлекети кылгысы келген Кокон хандыгын ээлейм, ал аркылуу Ферганага таасир этем деп чоӊ жүрүшкө аттанса, экинчиси Абдыкадыр Орозбеков, кыргыз элине кызмат кылам деп кара жанын карч урган экен. Бири 29 жашында хан көтөрүлүп, кол жетектеп, эл башкарып, Кокон хандыгынын пайдубалында эркин мамлекет түптөйм деп кармашып, 32 жашында дарга асылат. Экинчиси 34 жашында, 1925-жылы Кара Кыргыз автоном облусунун төрагалыгына шайланып, бир жылдан соң Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетин жетектейт, кийин репрессияланган мамлекеттик ишмер, жаӊы доордогу кыргыз мамлекетин калыбына келтирген кайран муундун өкүлү.
Кокон хандыгы кыргыздар үчүн түрдүү мааниге ээ. Кай бир кезде Кокон хандыгы кыргыз элитасын канааттандырып келген, кээ бир учурда кыргыз урууларынын мүдөөлөрүнө жана максаттарына каршы хандык болгон. Кокон хандыгын кыргыз уруу башчылары каалагандай калчап, хандарды, бектерди улам алмаштырып, факт жүзүндө бийлик жүргүзгөн. Улам бир уруу башчысы, удулу келгенде өзүнө жакпаган ханды ордодон кууп чыгып, ордуна миӊ тукумунан, хан тукумунан хан шайлап, өзүн аталык жарыялап, чыныгы бийликти өзү жүргүзгөн. “Сынган кылыч” романында образдары керемет сүрөттөлгөн Алымкул аталык, Мусулманкул аталык, Нүзүп аталык ж.б. мисалы буга далил. Албетте, хандык толугу менен кыргыз урууларынын баарынын кызыкчылыктарына жооп берген эмес. Кыргыз элинин айрым уруу башчылары Кокон хандыгын мамлекеттүүлүктүн формасы катары, башкача айтканда, өз алдынча мамлекет тууралуу түбөлүк идеясын канааттандыруунун учурдагы жолу катары эсептеп, бирде колдоп, бирде касташып, бирде ээлеп алып, бирде жолобой, кыскасы түркүн мамиледе болуп келген.
Түштүктү жердеген кыргыздардын, Ферган өрөөнүндөгү кыпчак урууларынын жана башка этникалык топтордун Кокон хандыгына каршы аралаш күрөшү орус тарыхнаамасында Кокон көтөрүлүшү деген ат менен белгилүү. Көтөрүлүш эки этаптан жана бир нече мезгилдерден турат деп аныкталган. Биринчи этапта (1873-1874-жылдары) көтөрүлүшчүлөр Кудаяр хандын эзүүсүнө каршы чыкса, экинчи этапта (1874-1876-жылдары) аны колдогон орус падышачылыгына каршы күрөшөт. Биринчи этапта масштабы чектелүү болсо, экинчи этапта кеӊири кулач жаят.
Дал ошол 1873-жылы куралдуу күрөшкө кыргыздардын Түштүктөгү дээрлик баардык уруулары кошула баштайт. Эми ушул күчтү ким башкарып, ким кол баштайт? Кокон хандыгына ээлик кылуу үчүн күрөштү жетектеген уруу башчылары, ар кимиси ордодо да, эл ичинде да таасири бар күчтөр туу кыла турган хан, жол баштагыдай, кол баштагыдай мураскер издешет. Ал кездеги Кокон хандыгы сыяктуу монархиялык мамлекеттерде бийликти мурастап калуу ошол хандыкка акысы бар тукумдун өкүлүнө гана буюрган. Ансыз де-юре легитимсиз болгон. 1873-жылы Кокон көтөрүлүшү башталганда эл хандыктын мураскору, Алим хандын небереси Болот бекти көтөрүлүштү хан катары жетектөөсүн өтүнүшкөн. Шер датка баш болгон кыргыздардын өкүлдөрү Самаркандагы Болот бекке барышкан, бирок ал баш тарткан. Абдымомун аталык, Шер датка сыяктуу кыргыз мыктылары улам бир хан тукумун байкап көрүп, биринен да майнап чыкпаган соӊ тышкы кебетеси Алым хандын небереси Болот ханга түспөлдөш, көзүндө оту бар жигит Ыскак Асан уулуна токтошот. Тагдырдын буйругу менен дал ошол маалда, ошол жерде, Абдымомун аталыктын үйүндө Ыскак Асан уулунун болуп калышы, сырткы түспөлүнүн окшоштугу кызык нерсе. Кокустуктар, түспөлдөштөр көп эле болот, бирок ар кимдин маӊдайына мындай окуялар жазылбаса керек. Молдо Асандын уулу Искак тарыхый аренага ушундай кыйчалыш кезде чыгат. Абдымомун аталыктын үйүндө Шер датка баштаган кыргыз башчыларына жолугушуусу, анда макулдашылган маселелер, кимисинен демилге чыккандыгы, кимиси кандай шартта кандай мүдөө көздөгөнү жазма булактарда толук эмес, учкай баяндалат. Н.Корытов “Самозванец Пулат-хан. Исторические заметки” деген 1902-жылы жазган макаласында жана Х.Н. Бабабековдун изилдөөсүндө “Аксаб ас-салатин ва таварих и ал-хаванин” аттуу кол жазмада Шер датка менен кошо көтөрүлүшкө туу боло турган ханзааданы издеген топтун ичинде кыргыз-кыпчак уруусунун белдүү башчысы Мусулманкул да эскерилет. Айтылуу топ Самаркандагы Ибрагим бектин уулу, Алим хандын небереси Пулад бектен майнап чыкпаган соӊ, Үргөнчкө барып, Мадали хандын уулу Музаффарга да кайрылышат. Элеттиктер, кыргыз, кыпчак уруулары колдойт, хан кылабыз деген сунуштан ал да баш тарткан. Хандыкты ким эӊсебейт. Бирок да мыйзамдуу мураскер болуп туруп, колдоого таянып хан болуудан эки ханзаада баш тарткан опурталдуу ишке ошол миссиянын түпкү максатын түшүнгөн, тарыхый роль ойноого жарактуу, үмүт тилеги эле эмес, аны ишке ашырууга жүрөгүндө оту бар, тобокелге баш байлаган инсан гана бара алмак. Ашынган авантюрист болсо да хан шайланган соӊ биринчи эле соккуда жалтайлап, кайра артка чегинмек. Тарыхый ошол жолугушууну “Сынган Кылыч” китебинде келиштире баяндалган. ошол жолугушуудан тартып, Болот хан өлгөнгө чейинки тарыхый окуялардын негизинде мыкты кино жана документал тасма тартылса, көркөм чыгарма жазылса, куп жарашмак, атаганат. Балким жаралаар андай чыгарма. Кеп удулу келип турат, “Сынган кылычтагы” ар бир каарман керемет фильмге жаркын образ болуп бермек.
Ошентип 29 жаштагы кыргыз жигит Кокондун ханы аталат, 1873-жылы Аксы өрөөнүндөгү Сейит-Буланда куттук-сейит, найман, кытай, кыргыз-кыпчак, саруу, баргы ж.б. уруулардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ак кийизге көтөрүлүп, хан шайланат. Козголоӊчулар көздөгөндөй желек болуп желбирейт. Ар кайсы уруулардан куралган, чачкын колду башкарат. Болот хандын тагдыры романда эң сонун баяндалган. Чыгармада колго түшүп, зынданда жаткан Болот хандын ой толгоосу, баштан өткөн окуяларды эскерген эпизоддо нравалык сабактар камтылган.
Болот хан Кокон хандыгынын тарыхында башка атты жамынып чыккан биринчи жана акыркы хан.
Болот хан Кокон хандыгынын тарыхында элдик көтөрүлүштү жетектеген, көтөрүлүш аркылуу бийликке келген биринчи жана акыркы хан.
Бийликке аралаш топтордун жана күчтөрдүн жардамына караганда, элдин колдоосуна ээ болгон, элге таянган биринчи жана акыркы башкаруучу. Эгер билимсиз, эрксиз, жүрөксүз, акылсыз ашкеби болгондо, Болот хан болуп аталууга, опурталдуу иштин башында турууга, жол баштоого даамак эмес. Номиналдуу хан эмес, реалдуу жол башчы, кол башчы, журт башы болууга интеллектуалдык, моралдык, психологиялык дарамети жеткен үчүн окуялардын негизги фигурасына, канетсе да казынасы, чеби, аскери бар, мыйзамдуу хандыкка каршы, аны колдогон арааны күч империяга каршы тура алды.
Көтөрүлүштүн жүрүшүнүн чечүүчү этабында 1875-жылы июль айында Орус империясынын өкмөтү Болот хандын бийлигин мыйзамсыз деп таанып, Кокон хандыгынын аймагына орус аскерлерин киргизүүгө жетишкен. Генерал М.Д.Скобелевдин кол башчылыгы астындагы орус аскерлери күчү менен көтөрүлүш аеосуз басылып, орус императору Александр II жарлыгы менен Кокон хандыгы жоюлуп, Туркестан генерал-губернаторлугуна караштуу Фергана облусу деген ат менен Россия империясынын карамагына өткөн. Болот хан 19-февраль күнү генерал Скобелевдин буйругу менен артынан сая түшкөн Барон Меллер-Закомельскийдин отрядынын колуна чыккынчылардын жардамы аркылуу түшүрүлгөнүн генерал Колпаковский борбордук аскер штабына кабарлайт.
Тирүү турса, элге алынып, ишенимге ээ болуп, туудай желбиреген, канетсе да хан аты бар кыргыз кол башчысын узакка кармоодон чочуган орус бийлиги андан кутулууга шашкан. Болот хан жана анын ошол кезде жанындагы үзөӊгүлөштөрү аскер сотунун өкүмү менен Жаңы Маргалаң шаарында 1876-ж 1-мартта дарга асылган. Дар орнотулган аянтта эл кылкылдап батпай кеткен. Көпчүлүк буркурап ыйлаганын орус аскер кызматкерлери генералдык штабга маалымдашкан, айрымдары кийин эскеришкен. Удулу келгенде кыстара кетели, Кудаяр хандын тушундагы акын Кутби Болот хандын эрдигин даӊазалаган ыры бар экенин тарыхчы А.Х.Абдугафаровдун жазганы бар.
Болот хандын саясий эрдигинин сабактары эмнеде?
Биринчиден, канчалык опурталдуу болсо да тарыхый миссияны туура түшүнүп, ошону аткарууга башын байлап, өзүнө жүктөлгөн миссияны аткарышы. Болот хан Искак Асан уулу тарыхый аренага чыгышын кокустук деп эсептешет. Туура. Анын хан тактысына мураскор издеген мыктылар менен жолугушуусу балким кокусунан болгондур. Бирок өз алдынча мамлекет куруу, эркиндик, азаттык идеясы кыргыз элинин улуттук идеясы. Өз алдынча, эркин мамлекет курууга тарыхый акысы бар элдин уруу башчылары Кокон хандыгын мамлекеттүүлүктүн формасы катары эсептеп, ошону пайдалануу аркылуу тарыхый амбициясын ишке ашырууну көздөгөн. Бир мезгилде кеӊ аймакты ээлеген дөөлөттүн – Улуу каганаттын эгеси болгон өз элинин тарыхын, элет тарбиясын көргөн, кыргыз нарк-насилин, аруу салттарын, кымбат кыялын, эзелки үмүтүн жакшы билген, эркиндик үчүн күрөшкөн инсандардын мисалында чоӊойгон, өз доорунун билимдүү инсаны, кашкөй жигиттин кыйчалыш учурда тарыхый аренага суурулуп чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Искак болбосо башкасы деле туу болмок, анткени катуудан казаны, жумшактан күлү калганча кырылган учурларда да кыргыз эли ыӊгайы келген сайын мамлекеттүүлүк үчүн түркүн формада, ар кайсы аймакта, ар кандай жол менен күрөшүн токтоткон эмес.
Экинчиден, Искак Асан уулу көтөрүлүштү хан катары жетектөө менен анын асабасы, туусу болуп, элдин демине дем кошкон, башын бириктирген. Опурталдуу иш экенин билип туруп, тобокелчилик кылып, эл мүдөөсү үчүн көтөрүлүштү башкарууга бел байлап, акырына чейин кармашуу чанда гана мыкты чыкманын колунан келе турган иш. Эрдик. Авантюризм эмес.
Үчүнчүдөн, элдик көтөрүлүштүн натыйжасында Кокон хандыгы кыйрап, орус империясына каратылды. Бирок ушул көтөрүлүш, андагы кыргыздардын чечүүчү ролу жана Болот хандын күрөшү Россия империясын кыргыздарды артта калган хандыктын вассалы, аборигендердин массасы эмес, өз алдынча күч катары эсептешүүгө мажбурлады. Эми орус падышачылыгы ушул аймакка ээлик кылуу үчүн кыргыздар тереӊ билүүгө, аны менен эсептешүүгө, өзүнө тартууга, жакындатууга, достошууга же такыр болбосо касташып, биротоло жок кылууга зарыл байыркы улут, чоӊ күч экенине көзү жеткен. Болот хандын күрөшү орус падышачылыгы түзүлө электен алда канча мурда кубаттуу мамлекети бар, маданияты бар, мамлекетик үчүн күрөштө эч нерседен жалтанбаган кыргыздардын ушул аймакка ээлик кылууга тарыхый акысы жетиштүү эл экенине ынандырган.
Искак Асан уулу Болот хандын аз убакыт ичинде ишмердүүлүгү, бүтүндөй аймактын тагдыры чечилген учурда кылган кызматы биз сабак алып, кадырына жете турган саясий эрдиктин дагы бир үлгүсү.
Алмаз Окин, тарыхчы

