9-ноябрда тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Словениянын Кыргызстандагы элчиси Аленка Сухадолник менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Жолугушууда эки өлкөнүн саясий, экономикалык жана гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Атап айтканда, парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо, соода жүгүртүүнү көбөйтүү жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Тараптар Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү маселесине өзгөчө көңүл бурушту. Анын алкагында саясий консультацияларды уюштуруу жана эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум өткөрүү сунушталды.
Кызматташтыктын келечектүү багыттары катары энергетика, гидроэнергетика жана туризм тармактары белгиленди. Ошондой эле бул тармактарда тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорго словениялык инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Мындан тышкары, Кыргызстанда биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча пикир алышуу болду.

