Башкы беткеКоомЭнергетикалык суусундуктарды импорттоого алты айга тыюу салуу сунушталды

Энергетикалык суусундуктарды импорттоого алты айга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда айрым энергетикалык суусундуктарды импорттоого алты айлык чектөө киргизүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.  Долбоорго ылайык, курамында кофеиндин өлчөмү литрине 150 миллиграммдан ашкан, кургак заттардын үлүшү 10 пайыздан жогору болгон жана таурин, L-карнитин, глюкуронолактон сыяктуу стимуляторлорду камтыган суусундуктарды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салуу каралган.

Ошол эле учурда чектөө айрым учурларга жайылтылбайт. Атап айтканда, Кыргызстан аркылуу транзит менен өтүп жаткан товарларга жана тыюу күчүнө киргенге чейин жөнөтүлгөн же төлөнгөн продукцияларга өзгөчө шарттар каралган.

Мыйзамсыз импорттун алдын алуу үчүн Бажы кызматына жана Чек ара кызматына тиешелүү чараларды көрүү тапшырылышы күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, сунушталып жаткан чектөө энергетикалык суусундуктарды өлкө ичинде сатууга эмес, аларды импорттоого багытталган. Азырынча документ коомдук талкуу баскычында.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар