“Ачык кабинет” долбоорунун алкагында журналисттер мамлекеттик мекемелер үчүн корпоративдик кийимдерди жана атайын формаларды тиккен “Асель” тигүү цехине пресс-турга барышты. Иш-чарага 10-ноябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин (ММБМА) директору Бексултан Токонов катышып, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Ишкананын жетекчиси Шайлообек Нурматовдун айтымында, тигүү цехи реконструкциядан жана оңдоп-түзөөдөн өткөн. Негизги иштер былтыр жүргүзүлгөн. Учурда ишканада 40ка жакын адам эмгектенет. Анын маалыматына караганда, цех былтыр жалпы 24 миллион сомдук продукция чыгарган. Негизги кардарлары мамлекеттик мекемелер болуп саналат. Алардын арасында аэропорт да бар.

Нурматов өндүрүштүн көлөмүн даана менен эсептөө кыйын экенин белгилеген. Себеби буюмдардын түрүнө жана буйрутмалардын көлөмүнө жараша өндүрүштүн көрсөткүчү өзгөрүп турат. Мисалы, футболкалар миң даанага чейин тигилсе, кышкы формаларды даярдоого көбүрөөк убакыт талап кылынат.
Ишкана былтыр бирдиктүү салык катары 3,5 миллион сом төлөгөн. Ал эми быйыл тигүү тармагына берилген жеңилдиктерден пайдаланууда.
Цехте негизинен аялдар иштейт. Эркектер кездемени бычуу, үтүктөө жана даяр продукцияны таңгактоо иштерин аткарышат. Жетекчинин айтымында, тигүүчүлөрдүн эмгек акысы жумуштун көлөмүнө жараша болот. Алар жумасына 10 миңден 30 миң сомго чейин табышат. Айрым учурда, өзгөчө иш көп болгон айларда, айлык киреше 100 миң сомдон ашышы мүмкүн.
Белгилей кетсек, быйыл Министрлер кабинети мамлекеттик ишканаларга жана мамлекеттин катышуусундагы компанияларга өкмөт аныктаган ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн тигүү продукцияларын жана атайын кийимдерди сатып алууга уруксат берген.
Бул чечимдин негизги максаты — ата мекендик жеңил өнөр жай ишканаларын туруктуу буйрутмалар менен камсыз кылуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырылган.

