Кыргызстанда агро камсыздандыруу системасын кайра жандандыруу багытында маанилүү кадам жасалды. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ААК тарабынан дыйкан-фермерлер үчүн күздүк жана жаздык буудайдын түшүмүн ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча жаңы продукт иштелип чыкты.
Бул демилге эгемендик жылдарынан бери өлкөдө агро камсыздандырууну кайрадан практикалык негизде ишке киргизүүгө багытталган. Жаңы продукт табигый кырсыктардан улам түшүмдүн азайышынан же толук жок болушунан келип чыгуучу финансылык чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берет.
Агро камсыздандырууну киргизүүгө мамлекеттик негиз түзүлдү
Пилоттук программаны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы № 39-р тескемеси менен бекитилген 2026-жылга карата иш-аракеттер планынын 639-пунктунда каралган. Анын алкагында айыл чарба жерлерин табигый кырсыктардын тобокелдиктеринен камсыздандыруу милдети белгиленген.
Камсыздандыруу эмнени камтыйт?
Жаңы продукт күздүк жана жаздык буудайдын түшүмүн ар кандай жаратылыш тобокелдиктеринен коргоону карайт.
Алардын катарына күздүк буудай үчүн катуу сууктан үшүп кетүү, калың кар, муз катмары жана өсүмдүктөрдүн чириши кирет. Ал эми жаздык буудай кургакчылык, мөндүр, катуу шамал, нөшөрлүү жаан-чачын, сел, суу ташкыны, жазгы кеч үшүк жана башка келишимде көрсөтүлгөн тобокелдиктерден камсыздандырылат.
Кайсы аймактарда ишке ашырылат?
Пилоттук долбоор алгач Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында ишке ашырылат. Ага дыйкан-фермердик чарбалар жана айыл чарба ишканалары катыша алышат. Камсыздандырууга алынуучу айдоо аянтынын жалпы көлөмү кеминде 2 гектар болушу керек.
Фермерлер өздөрү тандаган шартка жараша базалык түшүмдүүлүктүн 70, 80 же 90 пайызын камсыздандыра алышат. Камсыздандыруу тарифтери аймакка, буудайдын түрүнө жана тандалган коргоо деңгээлине жараша аныкталат.
Камсыздандыруу төлөмү кандай жүргүзүлөт?
Камсыздандыруу окуясы катталганда Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун адистери талаага чыгып, эгиндин абалын жана иш жүзүндөгү түшүмдүүлүктү аныкташат. Эгерде алынган түшүм келишимде белгиленген камсыздандырылган түшүмдүүлүктөн аз болсо, айырмасына жараша төлөм эсептелет.
Ошондой эле күздүк буудай кыш мезгилинде толугу менен же жарым-жартылай жок болгон учурда, келишимдин шарттарына ылайык, жабыркаган аймактын камсыздандыруу суммасынын 30 пайызы өлчөмүндө төлөм жүргүзүү механизми каралган.
Дыйкан-фермерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүк
Агро камсыздандыруу – айыл чарба өндүрүшүндөгү күтүлбөгөн жаратылыш кырсыктарынан келип чыккан финансылык чыгымдарды азайтуунун маанилүү куралы. Ал дыйкан-фермерлердин бир жылдык эмгегин жана салган каражатын коргоого, ошондой эле кийинки айыл чарба сезонун ишенимдүү пландаштырууга шарт түзөт.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму бул жаңы продукт аркылуу өлкөнүн агрардык тармагында камсыздандыруу маданиятын өнүктүрүүгө жана фермерлер үчүн кошумча финансылык коргоо механизмин түзүүгө багытталган иштерди улантат.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму – дыйкан-фермерлердин эмгегин жана түшүмүн коргоого багытталган ишенимдүү өнөктөш.

