Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлигин көрсөттү. Ал 10-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде арыз тапшырды.
БШКнын маалыматына ылайык, учурда президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпы алты арыз келип түштү.
Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 13-ноябрда аяктайт.

