Армения Жамааттык коопсуздук келишими уюмундагы (ЖККУ) добуш берүү жана уюмдун жогорку кызматтарына өз өкүлдөрүн дайындоо укугунан ажыратылды. Бул тууралуу Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 11-ноябрда Москвада өткөн ЖККУнун саммитинен кийин журналисттерге билдирди.
Маалыматка караганда, жыйында Армениянын уюмдагы макамына байланыштуу маселе каралган. Буга Еревандын эки жылдан ашык убакыттан бери ЖККУга мүчөлүк акысын төлөбөй келгени себеп болгону айтылды.
Белгилей кетсек, Армения 2024-жылы ЖККУнун бардык түзүмдөрү менен кызматташуусун токтоткон. Андан бери уюмга мүчө мамлекеттердин бир катар жыйындарына катышпай келет.
Ереван мындай чечимин уюмдун 2022-жылы Азербайжан менен болгон чек ара жаңжалы учурунда Арменияга жардам көрсөтпөгөнү жана Тоолуу Карабактагы окуяларга байланыштуу позициясына нааразылыгы менен түшүндүрүп келген.
Ошондой эле 2025-жылдын январында Арменияда өлкөнүн Евробиримдикке кошулуу жараянын баштоо боюнча мыйзам кабыл алынган.

