Бүгүн, 12-ноябрда, Бишкектеги «Ак-Кеме» мейманканасында «Борбордук Азия – Кытай» курулуш министрлеринин экинчи конференциясынын алкагында Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири курулуш долбоорлорунун көргөзмөсү уюштурулду.
Көргөзмөдө өлкөдөгү ири объектилердин архитектуралык макеттери, долбоордук чечимдери жана инфраструктуралык долбоорлору мультимедиялык экрандар аркылуу тааныштырылды.
Иш-чарага Кыргызстандын курулуш министри Нурдан Орунтаев баштаган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Кытайдын тармактык министрликтеринин жетекчилери катышты.
Нурдан Орунтаев делегация өкүлдөрүнө өлкөдө, анын ичинде туристтик аймактарда ишке ашырылып жаткан ири курулуш жана инфраструктуралык долбоорлор тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, чет өлкөлүк өнөктөштөрдү өлкөгө келүүгө чакырды.
Көргөзмөнүн негизги максаты — Кыргызстандын курулуш тармагындагы жетишкендиктерин, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн таанытуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү.

