Башкы беткеМаданиятБорбор калаада дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкелери өтөт

Борбор калаада дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкелери өтөт

Бишкектин төрт районунда айыл чарба жарманкелери ар аптанын ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жарманкелерде жергиликтүү өндүрүүчүлөр айыл чарба продукцияларын ортомчуларсыз, түздөн-түз керектөөчүлөргө сунушташат. Мындан улам шаар тургундары азык-түлүктөрдү жеткиликтүү баада сатып ала алышат.

Жарманкелер төмөнкү даректерде уюштурулат:

Биринчи май району: Т. Усубалиев атындагы эски аянт. Саат 09:00дөн 17:00гө чейин;

Ленин району: Тыналиев көчөсү, 38 (Абдулкерим Сатык Буурахан мечитинин батыш тарабы). Саат 09:00дөн 19:00гө чейин;

Октябрь району: А. Токомбаев көчөсү, 21/1Б. Саат 08:00дөн 18:00гө чейин;

Свердлов району: Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши, Фере көчөсү, 33/1а (мурдагы мал базардын аймагы). Саат 07:00дөн 15:00гө чейин.

Иш-чаралар Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте өткөрүлүүдө.

Жарманкелердин негизги максаты — жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана шаар тургундарын сапаттуу азык-түлүк менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар