Башкы беткеЭкономикаКыргызстанда 10 млн долларлык брондолгон автоунаа чыгаруу долбоору ишке ашырылууда

Кыргызстанда 10 млн долларлык брондолгон автоунаа чыгаруу долбоору ишке ашырылууда

Кыргызстанда аскердик жана жарандык багыттагы жеңил брондолгон автоунааларды өндүрүү жана чогултуу ишканасын түзүү долбоору ишке ашырылууда. Ага салынган инвестициянын көлөмү 10 млн долларды түзөт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жакында долбоорду ишке ашырып жаткан «С.М. ИЛБИРС» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жолугушууда өндүрүштүн учурдагы абалы, ишкананын мүмкүнчүлүктөрү жана аны мындан ары өнүктүрүү жолдору талкууланды.

Долбоордун алкагында 30 жаңы жумуш ордун түзүү пландалууда.

Агенттик ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду колдоо жана инвесторлорго көмөк көрсөтүү иштери улантыларын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар