Балыкчы шаарында Кыргызстандын жети облусунун тарыхын жана өзгөчөлүктөрүн чагылдырган «Жети дубан ордосу» паркы курулууда. Долбоордун жалпы баасы 149,5 млн сомду түзөт. Учурда курулуш иштеринин 90 пайызы аяктады.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары учурунда маалымдалды.
Парктан өлкөнүн жети облусунун символдорун көрүүгө болот. Атап айтканда, Чүй облусунан Бурана мунарасы, Ысык-Көлдөн көлдүн өзү, Нарындан Таш-Рабат, Таластан Манас күмбөзү, Жалал-Абаддан жаңгак дарагы, Ош облусунан Сулайман-Тоо жана Баткенден айгүл гүлү чагылдырылат.
Долбоордун максаты — Кыргызстандын аймактарынын тарыхый жана маданий мурастарын бир жерден таанытуу.

