Башкы беткеКоомМахатма Ганди көчөсүнүн бир бөлүгү төрт күнгө жабылат

Махатма Ганди көчөсүнүн бир бөлүгү төрт күнгө жабылат

Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүнүн Ахунбаев көчөсү менен кесилишиндеги бөлүгү төрт күнгө жабылат.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 14-ноябрынан 17-ноябрына чейин бул аймакта унаа кыймылына чектөө киргизилет.

Убактылуу чектөө суу түтүктөрүн тартуу жана курулуш-монтаждоо иштерине байланыштуу киргизилүүдө.

Шаар бийлиги айдоочулардан каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүккө жараша альтернативдүү жолдорду пайдаланууну өтүнөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар