Садыр Жапаров 13-ноябрда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушту. Анда жергиликтүү эл аймактагы көйгөйлөрдү жана аларды чечүү боюнча сунуштарын ортого салышты.
Жолугушууда темир жол куруу, калкты ичүүчү суу менен камсыздоо, сугат каналдарын тартуу, тоо ашуусуна жол салуу жана ипотекалык турак жай берүү маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле жер талаштары, тарыхый эстеликтерди сактоо, спорттук объектилерди куруу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгы айтылды.
Мындан тышкары, тургундар Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо, мунапыс берүү, алдамчылык фактылары жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу маселелерди да көтөрүштү.
Жолугушууда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү улантуу өтүнүчү да айтылды. Президент бул багыттагы иштер басаңдабай турганын белгилеп, күч түзүмдөрүнө жана сот органдарына тиешелүү тапшырмаларды берди.
Мамлекет башчысы коопсуздукту камсыздоо жаатындагы акыркы жылдардагы иштер өлкөнүн эл аралык аброюна оң таасирин тийгизип, туристтердин жана инвестициялардын көбөйүшүнө шарт түзгөнүн белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын жана сот системасынын өкүлдөрүнө тургундар көтөргөн маселелерди карап чыгып, мыйзам чегинде чечүү боюнча тапшырма берди.

