Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан «Кен-Сай» эл аралык өткөрмө бекетинде жаңы бажы терминалы жана транспорт үчүн электрондук кезек зонасы ишке киргизилди. Бул тууралуу «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК билдирди.
Жаңы объект транспорт агымын жөнгө салууга жана чек арадан өтүүдө күтүү убактысын кыскартууга багытталган. Анда унаалар үчүн күтүү зоналары, кыймылды башкаруучу санариптик системалар жана тейлөө инфраструктурасы каралган.
Электрондук кезек системасы жүк ташуучу унаалардын күтүүсүн азайтып, кезекти кол менен бөлүштүрүү зарылдыгын жоёт. Ошондой эле өткөрмө бекеттин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.
«Кен-Сай» өткөрмө бекети эл аралык макамга ээ жана күнү-түнү иштейт. Өзбекстан тарапта ага «Уч-Курган» өткөрмө бекети туура келет.
Белгилей кетсек, «Кен-Сай» өткөрмө бекети 2009-жылы жабылып, 2024-жылдын 12-сентябрында 15 жылдык тыныгуудан кийин кайрадан ишин жандандырган. Анын мурда жарыяланган өткөрүү мүмкүнчүлүгү суткасына 11 миңден ашык адамды жана 300 унааны түзгөн.

