Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда өндүрүлгөн үрөн Өзбекстандын рыногуна чыгарылат

Кыргызстанда өндүрүлгөн үрөн Өзбекстандын рыногуна чыгарылат

Кыргызстанда айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана сактоо боюнча биргелешкен ишкана түзүү макулдашылды. Бул тууралуу Өзбекстандын айыл чарба министри Иброхим Абдурахмонов менен жолугушууда Кыргызстандын айыл чарба министри Эрлист Акунбеков билдирди.

Жолугушуу 11-ноябрда Акунбековдун Өзбекстанга болгон жумуш сапарынын алкагында өттү.

Тараптардын макулдашуусуна ылайык, ишкана Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен Кыргызстандын аймагында түзүлөт.

Мындан тышкары, үрөнчүлүк тармагында кызматташуу боюнча да келишимге жетишилди. Ага ылайык, Кыргызстанда үрөн өндүрүлүп, Өзбекстандын рыногуна чыгарылат.

Жолугушууда Эрлист Акунбеков кыргыз картошкасын Өзбекстанга экспорттоодо кошумча нарк салыгын (КНС) алып салуу сунушун да көтөрдү. Буга чейин президент Садыр Жапаров Талас облусунун дыйкандары менен жолугушууда картошка экспортуна КНСти алып салуу тапшырмасын берген.

Өз кезегинде Өзбекстандын айыл чарба министри кыргызстандык картошка жана башка айыл чарба продукцияларын импорттоодо «жашыл коридор» түзүү боюнча иштерди илгерилетүүгө даяр экенин билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар