Бишкекте өспүрүмдөрдүн IT жаатындагы билимин жана санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган «Жаратман Hackathon 20.26» технологиялык хакатону өттү.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, иш-чарага Билим берүү департаментинин директору Жаныбек Орозалиев катышты.
Хакатондун жүрүшүндө окуучулар өз идеяларын сунуштап, алган билимдерин практикада колдонуу менен инновациялык долбоорлорду иштеп чыгышты. Ошондой эле катышуучулар командалык иш алып баруу, чыгармачылык менен ой жүгүртүү жана заманбап технологиялар аркылуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча тажрыйба топтошту.
Иш-чаранын негизги максаты — жаштардын IT тармагындагы жөндөмдөрүн өркүндөтүү жана аларды стартап долбоорлорун түзүүгө үйрөтүү. Анда идеяны иштеп чыгуудан тартып, анын прототибин даярдоо жана долбоорду коргоого чейинки баскычтар камтылды.
Мэрия мындай демилгелер жаш таланттарды колдоого, окуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга жана санариптик билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.

