Бүгүн, 12-ноябрда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Мамактанов үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана жабырлануучуларды коргоо маселелери боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйында зомбулуктун алдын алуу иштеринин натыйжалуулугу, жабырлануучуларга жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү жана мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусу талкууланды.
Анын жыйынтыгында мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына зомбулуктун алдын алуу иштерин күчөтүү, коркунучтагы үй-бүлөлөрдү эрте аныктоо жана жабырлануучуларга өз убагында жардам көрсөтүү тапшырылды.
Мындан тышкары, тиешелүү министрликтерге жана Президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнө үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча 2027-жылга карата иш-чаралар планын иштеп чыгуу милдеттендирилди.
Улан Мамактанов көрүлүп жаткан чаралардын аткарылышын жеке көзөмөлгө алуунун жана жооптуу кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

